Польша: Айсулуу Тыныбекова Россиялык атаандашын утту
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу маалымат Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтына жайгаштырылды. Мелдеш 13-июнда жыйынтыкталат.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмактагылар арасында алгач россиялык атаандашы Любовь Овчарова менен беттешке чыгып, аны 14:8 эсебинде жеңип, мелдештин жарым финалына өткөн.
Жарым финалда Тыныбекова россиялык Светлана Липатова менен күрошүп, аны 3:1 эсебинде жеңип, мелдештин финалына чыкты.