“Прайм-эра”же Кыргызстаныбызга көз тийбесин
Кыйын эл бул кыргыз деп, аты чыкты,
Бүт дүйнөнү жаңыртып катуу чыкты.
Көчмөн элдин тарыхын даңазалап,
Көргөндөрдүн көзүнөн жашы чыкты.
Көчмөн элди дүйнөгө дүңгүрөттү,
Көргөндөр бүт кыргызды мыкты дешти.
Ынтымагы кыргыздын, биримдиги,
Нечен элдин жүрөгүн титиретти.
Мына ушундай ыр саптары менен коштолгон акыркы кездеги Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү иш-чаралардын, окуялардын баяндалышы жакшы жетишкендиктерибиздин жыйындысы. Ырдын автору Кылычбек Нусубалиев деген акын агабыз экен. Ушул саптарда чыны менен бүгүнкү Кыргызстандын маанайы бар. Акыркы күндөрү кыргыздын аты алыстарга угулду. ШКУ саммити менен саясий дүйнөнүн назарын бурдук. “Бишкек Арена” менен жаңы мүмкүнчүлүктү көрсөттүк. Көчмөндөр оюндары менен дүйнөгө өзүбүздүн ким экенибизди таасын айттык. Кырчын жайлоосу көчмөн элдин тарыхын тирилтсе, Ысык-Көл жаратылышыбыздын кереметин көрсөтүп, Рух Ордобуз руханий жүзүбүздү таанытты окшойт. Ал эми боз үй, комуз, улуттук кийим, кыргыздын дасторкону, бешбармагы, боорсок, кымызы айтор баары кошулуп, дүйнөгө бир бүтүн кыргыз образын тартуулады. Мына ушул иш-чаралардын баарына катышып, көптөгөн жакшы ойлор, алдыга болгон үмүттөр пайда болду. Эми ошолордон сөз кылалы.
“Бишкек Арена”, ШКУ жана Көчмөндөр оюндары
Жаңы салынып бүткөн “Бишкек Аренада” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өттү. 30 миңден ашуун көрүүчү стадиондо түз отуруп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген делегациялар менен бирге көчмөн цивилизациясынын тарыхын көрдү. Ошол эле күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатканы окуянын саясий салмагын дагы арттырды. Бир жерде дүйнөнүн ири державаларынын лидерлери сүйлөшүп жатса, экинчи жерде ошол эле мамлекеттердин спортчулары кыргыздын ат үстүндөгү оюндарын көргөзүп жатканы сыймык жаратты.
Чынын айтыш керек, Кырчын жайлоосунда кыргыз жарандарына караганда чет элдик коноктордун саны көп болду окшойт. Кайсыл тарабыңа караба, мейли эс алуу жайбы, боз үйбү, көл жээгиби, айтор алардын арбын экенин көрөсүң. Эң чоң жеңиш мына ошол чет элдик коноктордун Кыргызстанга биринчи жолу келип, кайра келүүнү кыялданып жатышкандыгы. Биздин максаттардын бири да ушул эмес беле. Кырчын жайлоосу бул жагынан өзгөчө феноменге айланды. Бир нече күнгө ал жер биз билген көк шибери жайкалган жайлоо эмес, көчмөн цивилизациясынын жандуу музейине окшоп калды. Этномаданий шаарча, боз үйлөр, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, ат оюндары жана көңүл толкуткан музыка. Көчмөн оюндарынын маданий программасынын алкагында 600дөн ашуун иш-чара өткөрүлгөнү да айтылды. Ысык-Көлдүн кооздугу менен адам таң кала турган артыкчылыктары бир эле Кырчын менен эле бүтпөйт деп көрсөтө турган дал ушул учур болду. Баары айтып, дүйнө бир дүңгүрөп тынчыды. Бүгүн Кыргызстанда бир кызык абал түзүлдү. Биз өзүбүздүн тарыхыбызды дүйнөгө көрсөтүп жатып, өзүбүз да өзүбүздү кайра таанып жаткандай абалга келдик. Эгерим эске келбеген дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары маданий дипломатиябыздын күчүн, ал эми Кырчын көчмөндүн жандуу образын, берметибиз болгон Ысык-Көл табигый байлыгыбызды, Рух Ордо руханий жана маданий туризмдин мүмкүнчүлүгүн дааналап берсе, бүйүр кызыткан Көк бөрү оюну намысыбызды, эр жүрөктүүлүгүбүздү чындап ачып берди. Керек болсо, биз өзүбүз да ушул мүмкүнчүлүгүбүзгө кызыгып калгандай болдук. Бардык жерде “Прайм эра” деген сөздү айтып бүтө албай жатышат. Бирок, кыргызда дагы бир сөз бар “той болот, тойдун эртеси да болот” деген. Мына ошол “эртеси” биз үчүн эң кызык.
Анткени, дүйнөгө өзүбүздү кандай көрсөткөнүбүздөн да маанилүүсү, дүйнө элдери кеткенден кийин бизде эмне калат дегенде болууда. Чын эле…
Көчмөн оюну бизге кандай пайда алып келди?
Алдын ала эсептөөлөр боюнча Көчмөндөр оюндарынан жалпы экономикалык кирешебиз 100 млн доллардан ашышы күтүлүүдө. Толук эсептөөлөр бүтө элек. Негизги киреше туристтерден мейманкана, конок үй, тамактануу, транспорт, экскурсия жана жергиликтүү товарларга короткон каражатынан түзгөнү маалым болду. Оюндар учурунда Кырчын капчыгайындагы этношаарча да маанилүү экономикалык аянтчага айланып, ал жерде жүздөгөн боз үйлөр, этнобазар жана соода жайлары уюштурулуп, жергиликтүү ишкерлер улуттук буюмдарын, тамак-ашын жана башка товарларын сатууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындан тышкары, оюндар Кыргызстанды дүйнөлүк аудиторияга таанытып, туристтик жана инвестициялык имиджин күчөттү. Ошондуктан, Көчмөндөр оюндарынын негизги пайдасы туристтердин көбөйүшү, жергиликтүү бизнестин кирешесинин өсүшү, жаңы инфраструктуранын пайда болушу жана Кыргызстандын эл аралык туристтик бренд катары таанылышы болду. Эң маанилүүсү, бул кызыгууну мындан ары да туруктуу туризмге жана кирешеге айландыруу болуп саналат. Ошого кол жеткирели.
Тилегибиз ушул…
Бүгүн дүйнөнүн президенттери Бишкекте отурса, эртең дүйнөнүн туристтери Ысык-Көлдө, Ала-Арча, Буранада, Сулайман-Тоо, Манас Ордо, Таш-Рабатта, Сары-Челекте, Арстанбапта көңүл ачып, кумар жазышсын. Бүгүн “Бишкек Арена” толсо, эртең Кыргызстандын спорттук ареналарынын баарына эл батпай турсун. Бүгүн Кырчынга миңдеген адамдар барса, эртең Кырчын жыл бою туристтик маршрутка айлансын. Бүгүн кыргыздын боз үйүнө чет элдик конок кирсе, эртең ал кыргыздын маданиятын өз өлкөсүндө айтып жүрсүн. Анткени, тойдун өзү эмес, тойдон кийин калган мурас маанилүү. Кыргызстан азыр дүйнөгө өзүн көрсөтүп бүтө элек. Тескерисинче, жаңы гана көрсөтүп баштады. Мына ошол таштаган бийик кадамдарыбыз байсалдуу болсун.
Күнболот Момоконов