Президент Ашхабад шаарына барды
Кечээ, 11-декабрда, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу боюнча иш сапары менен Ашхабад шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнстандын борборунун эл аралык аэропортуна конду. Президентти Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумдун ишине катышат.