Президент коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

15-март, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 28

Президент Садыр Жапаров 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасир, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

15-март, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X