Президент «Медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-2024-жылдарга бюджети тууралуу мыйзамга кол койду

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 36

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамга кол койду.  Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.

Максаты: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат..

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X