Президент: «Мугалимдердин айлыгын көтөрүү менен аларга болгон талапты катуу коебуз»
1-апрелден тартып 309 миңдей социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга быйылкы жылдын тогуз айына кошумча 26 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Президент Садыр Жапаров социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди.
Мамлекет башчы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 50-100 пайызга чейин көтөрүлө турганын айтты.
«Билим берүү министрлигине быйыл кошумча 16 млрд. сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Мындан эң көп каржыланган Билим берүү министрлиги болду. Бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен чындыгында, айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 миң 846 сом чегерилип, колуна 7 миң 200 сом алып келген. 1-апрелден баштап ага 23 миң 933 сом чегерилип, колуна 21 миң 800 сом ала баштайт», — дейт өлкө башчы.
Мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы көбөйөт. Ошону менен бирге аларга катуу талап коюлат. Апрель айынан баштап бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүргүзүлөт.
Президент билим берүү тармагында өзгөчө математика, так илимдер, компьютер, чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктаж экенин кошумчалады.