Президент Садыр Жапаров “Дордой” жана Ош базарларына барды
КР Президенти Садыр Жапаров борбордогу “Дордой” жана Ош базарларына барды. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Мамлекет башчысы ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, ККМ (көзөмөлдөөчү кассалык машине) ишке киргизүү маселелерин талкуулап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү», — деп билдирди Султанбаев.