“ПРЕЗИДЕНТ” ТАСМАСЫ ЭЛДИН ТАЛКУУСУНДА

Жыл жаңырары менен коомчулукка тартууланган журналист Айбек Бийбосуновдун 4 сериядан турган “Президент” даректүү тасмасы кеңири талкууланууда. Фильмдин өзү сапаттуу, мазмундуу жана кызыктуу кадрларга бай болгону, архивдик материалдар так тандалып, темага шайкеш колдонулганы айтылууда. Эң башкысы, Президент Садыр Жапаров беш жыл ичинде элдин көкөйүнө көк таштай тийген көйгөйлөрдү чечип, мамлекетти саздан сууруп чыккан өтөлгөлүү иштерди аткаргандыгын ачып бергени өзгөчө кеп болууда.

Тасманын 1-сериясында баяндалгандай, 2020-жылдагы адилетсиз шайлоодон кийинки элдин колдоосу менен бийликке келген Садыр Жапаров тактикалык жүрүштөрдөн кийин коррупциянын ана башы болгон “Кумтөрдү” кайтарганга киришип, аны ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Бул эбегейсиз чоң эмгек. Элди ойлобогон жетекчилердин айынан миллиарддаган каражат уурдалды. Баарыбыз билебиз, “Кумтөрдү” мамлекетке эч ким ала албайт деп калган. Анткени, канадалыктар башында турган компания ажыдаарга айланып, бийлик башына келген жетекчилерди сатып алып турган. Бактыбыз бар экен, Садыр Нургожоевич чечкиндүү кадамдарды жасап, 100% мамлекетке өткөрүп алды. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча “Кумтөр” 12 тонна алтын өндүрүп, кирешеси 124 млрд 216 миллион сомдон ашты. Эч кимибиздин эсибизден чыга элек, эгемендик алгандан кийинки 30 жылда “Кумтөрдөн” 410 тоннадан ашык алтын казылып чыгып кеткен. Кыргызстан алган үлүштүк (дивиденд) кирешенин баарын кошкондо, болгону 100 миллион доллар болгон. Бул кыргызга жасалган кыянаттык, чыккынчылык болгон. Негизи, буга чейинки президенттерди так ушул “Кумтөрдөгү” коррупция боюнча эле өмүр бою кесип жиберсе туура болмок.

Тасманын 2-бөлүгүндө өлкөдөгү эң орчундуу маселе, чек аранын чечилиши баяндалды. Ачыгын айтсак, чек ара маселесинин чечилиши тарыхый жана стратегиялык кадам болду. Биз чоң жеңишке жетиштик. Эч ким жалган айттырбайт, коомчулук чек аранын да такыр чечилбей турганына ынанып, үмүтүн үзүп калган болчу. Себеби, дүйнө жүзүн карасак деле чек ара деген өтө татаал маселе. Дүйнөлүк держава делген өлкөлөр да чек арасын чече албай, талаш-тартышта келе жатат. Демек, биздики деле чечилбей, узак жылдарга кала берет деп калган. Бирок, Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көшөргөн көктүгү менен өлкөбүздөгү эң чоң проблемага чекит коюлуп, алгач Өзбекстан, андан кийин Тажикстан менен чек арабыз чечилди. Өткөн жылы Кыргызстан узак жылдарга созулган чек ара талашына чекит койду. Ооба, постсоветтик мейкиндикте калктын жыштыгы боюнча алдыда турган жана этностук жактан татаал саналып келген Фергана өрөөнү ондогон жылдар чек ара чатактарынын чордону болуп келген. Өрөөндү бөлө жайгашкан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын тактала элек чек аралары дал ушул аймакка мүнөздүү болчу. Улам чыр-чатак чыгып, дүйнөдөгү эң кооптуу делген аймактын бирине айланып калган эле. Саясатчылар шайлоо маалдарында сайрап, чечебиз дегени менен сөз жүзүндө калып келген. Биринин да колунан келген жок. Акыры Президент менен генерал ага чекит койду. Албетте, чек араны чечүүдө Камчыбек Ташиевдин эмгеги өзгөчө экени чындык. Кыскасы, чек аралардын такталып, тынчтык жолу менен чечилиши жалпы Борбор Азия үчүн ири тарыхый окуя болду.

Тасманын 3-бөлүгүндө мамлекетти мите курттай соргон кылмыштуу топтордун талкаланышы баяндалды. Эгемендүүлүк алгандан кийинки учурдагы мамлекет жетекчилери кылмыш дүйнөсүндөгүлөр менен карым-катыш түзүп, коюн-колтук алышып, алардын тамыр жайышына өбөлгө түзгөнү жалпыбызга маалым. Бийликке таянган «каралар» адегенде майда, анан ири ишкерлерге чейин тырмагын матырып, каршылык көрсөткөндөрүн үй-бүлөсүнө чейин көзүн тазалаганына күбө болгонбуз. Кийинчерээк ишкерлердин мүлкүн, бизнесин тартып алып, өздөрү мыйзамсыз ишкерликке өтүшкөн. Муну менен токтогон жок, кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү мамлекеттик башкарууга чейин аралашып, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтерине өз кишилерин коюшту. «Каралар» эл ичинде кадырлуу адамдарга айланып баштаган болчу. Эгер ошол нукта жүрүп отурганда жакынкы жылдары мамлекетти криминал башкарып калмак. Аны «кримтөбөл» Камчы Көлбаевдин таасиринен, жыйнаган байлыгынан көрдүк. Башка миллиарддаган байлыгын мындай коюп, Бишкектин өзүндөгү эле миңден ашык батирин караганда, анын кылмыштуу империясынын эң жогорку чекке жеткенин тастыктады. 2020-жылдагы бийликтин алмашуусу, андан кийинки криминалга каршы жүргүзүлгөн күрөш чоң бурулуш жасады. Бул жерде дагы Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чечкиндүү кадамдарды жасап, кылмыштуу топтордун таш-талканын чыгарды.

Тасманын 4-бөлүгүндө “Кыргыз–Кытай–Өзбекстан” темир жолу боюнча сөз болду. Баарыбыз эле билип калдык, аталган темир жол долбоору Кыргызстанды туңгуюктан чыгарып, Чыгыш Азиядан тартып Европа өлкөлөрүнө чейин кулачын жайган транзиттик өлкөгө айлантканы турат. Эгемендик алгандан бери аталган ири долбоор айрым саясий иш-чараларда, шайлоо өнөктүктөрүндө айтыла калып, бирок аны ишке ашырууга эч бир жетекчи батынбай, ачыгын айтканда чечүүгө эрки жетпей, мажирөөлүк кылып келгени маалым. Ошону Президент Садыр Жапаров “камырдан кыл сууругандай” чечип, тараптарды көндүрүп, келишимди түзгөнгө жетишти. Учурда иш кызуу жүрүп жатат. Иш өз нугунда жүрүп, мерчемделген план боюнча кетсе, төрт жылдын ичинде ишке кирет. Толук кандуу иштей баштаган мүнөттөн тарта жемиши төгүлүп, жыл сайын капчыгыбызга 200-300 миллион доллар түшүп баштайт. Арийне, бизге темир жолдун түз кирешесинен сырткары кыйыр пайдасы арбын болот. Маселен, мына азыр курулуш башталды, жер өтмөктөрү курулуп жатканын социалдык түйүндөрдөгү тасма, сүрөттөрдөн көрүп жатабыз. Бул иштер 20 миңдей адамды жумуш менен камсыздайт. Ал эми пайдаланууга берилгенден кийин эки жарым миң адам туруктуу жумуш менен камсыз болот. Андан кийинки пайдасы темир жол аркылуу импорттолгон жүктөр бир топ арзан келе баштайт.

КР Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов:

— Даректүү тасманын 4 сериясын тең көрдүм, ал жерде Президенттин негизги, көрүнүктүү иштери чагылдырылыптыр. Маселен, “Кумтөрдү” кантип мамлекетке өткөргөн маалда өтө татаал иштер жүргүзүлгөнү боюнча айтылды. Андан кийин коррупцияга, кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча көрсөтүлдү. Ошондой эле чек арадагы жаңжалдар, анын кылдаттык менен чечилиши, мамлекеттин коопсуздугу жөнүндө баяндалды. Бул эми негизгилери да, чындыгында беш жылдын ичинде мындан көп иштер бүттү. 30 жылда жасалбаган иштер аткарылды. Куралдуу күчтөрдү калыптандырууда эле не деген иштер жасалды. Таптакыр керектен чыгып, тамтыгы кеткен курал-жарактарды жаңыртып, оор техникалардын баарын жаңыдан сатып алды. Учкучсуз учактарды алып келип, мамлекеттин коопсуздугун чыңдады. Мурда биз сатып ала алган эмеспиз, анткени каражат жок эле. Мамлекеттин башына жалаң коррупционерлер кылмыштуу топтор менен биригип алып казынага түшө турган акчанын дээрлик баарын уурдап кетишчү. Ошол каражат азыр өлкөнүн капчыгына түшүп, курал-жарактар сатып алынып, андан ары өлкө өнүгүү жолуна түштү. Айлык-маяналар, пенсиялар улам көбөйүп жатат.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев:

— Айбек Бийбосуновдун «Президент» документалдуу тасмасы күндөн күнгө бүйүрдү кызытууда. Башкысы, эч кандай көбүртүп-жабыртуу, ашыкча боёк шыбап шөкөттөө жок, иштиктүү стилде, болгону болгондой айтылды. Мисалы, Кыргызстандагы криминалдык элементтердин жана коррупциянын толук жоюлушу калп эмес, иш жүзүнө ашырылган мамлекеттик саясат болду. Мындан тышкары, фильмдин автору Айбек Бийбосунов Конституцияга ылайык Президент Садыр Жапаровдун дагы эки президенттик мөөнөтү ар бири беш жылдан бар экенин белгиледи. Ушунун негизинде биз, урматтуу кыргызстандыктар, терең дем алып, ишеним менен айта алабыз, 2035-жылга чейин өлкөбүздө туруктуулук, тынчтык, тартип жана ири өнүгүү болот. Мен бул кабарды эң башкы сенсация, эң негизгиси элибиз үчүн чыныгы кубанычтуу сүйүнчү деп эсептейм. Бул жакшы кабарды элге тартуулаган дал ушул фильм жана анын автору болду. Сүйүнгүлө, кымбаттуу кыргызстандыктар. Жерибизде тынчтык болсун, өлкөбүз мындан ары да Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында, анын ишенимдүү өнөктөшү жана кан досу, генерал Камчыбек Ташиев менен бирге гүлдөп-өнүгүп кете берсин.

Жарандык активист Замир Айылчыев:

— Президент Садыр Жапаровдун 2020-жылы бийликке келгенден кийинки ишмердүүлүгүн күчтүү аргументтер менен тастыктап, жана бир мамлекеттин башчысынын жашоодогу принциптерин, ийгиликтерин жана алдыдагы максаттарын ачыктап берген күчтүү тасма болуптур. Ушундай жогорку деңгээлдеги тасманы АКШнын 44үнчү президенти Барак Обаманын ишмердүүлүгү боюнча тартылган документалдуу тасмадан көргөм. Чек ара жаңжалы тутанып турган учурда Президенттин тышкы саясат бөлүмүндө эксперт кызматында элем. Эсимде ошол ызы-чуу мезгилинде ак үйдөн чыкпай, эки күн уктабай катуу иштегенбиз. Мен ошондо эле Садыр Нургожоевичтин дипломаттык сапаттарына жогорку баа бергем. Себеби, экономикасы алсыз, ковид учурунан кийинки татаал абалда бийликке келгенине карабастан тышкы саясатты тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге чыгара алды. Ошого катар Жапаровдун келиши менен көмүскөдөгү экономика жолго салынды. Салык кызматында чоң реформа жасалды. Бүткүл дүйнөлүк банктын берген жыйынтыгы менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпи 8-9%да экени айтылды. Албетте, бул чоң ийгилик. Себеби, биз азыр суктанган Сингапур, Түштүк Кореянын гүлдөп өнүгүп жаткандагы экономикалык көрсөткүчү 8%ды түзгөн. Былтыр КМШ саммитинде Путин Кыргызстандын экономикасынын жылдык өсүү көрсөткүчү 10%га жетиши менен Жапаровду куттуктаган. Бул көрсөткүч КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку чек. Буйруса, Кыргызстаныбыз Президент айткандай алдыңкы 10 мамлекеттин арасына кирсин.

Зулпукаар Сапанов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X