"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Японияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” диалогунун биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү.

Президент Садыр Жапаровду Япониянын Тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Президенттин Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган. Ошондой эле саммиттин алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму өтмөкчү.