Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын шайланып келген депутаттарынын ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөп, Кыргыз парламентинин тарыхына токтолду.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттары!
Эң алды менен калың элдин элегинен өтүп, Жогорку Кеңешке шайланып, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берип, эл өкүлүнүн ишмердигине киришип жатышыңар менен чын дилимден куттуктаймын!
Берген антыңарга бекем турушуңарды тилеймин. Эл үчүн, мамлекет үчүн чын ниеттен иштеп бересиздер деп терең ишенемин.
Бүгүн мен сиздердин алдыныздарга келип, сөз сүйлөп жаткан себебим, биринчиден, бул парламент жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген өзгөчө парламентсиңер. Экинчиден, сиздерди ант берүүңүздөр менен куттуктап, алдыда кандай кызматташууга барабыз, мына ушуларга азыноолак токтоло кетүүнү эп көрдүм.
Сөзүмдүн башында Кыргыз парламентинин тарыхына бир аз токтоло кетүүнү туура көрдүм. Эгемендик декларациясын кабыл алган, “легендарлуу парламент” деген ат менен тарыхта калган мыйзам чыгаруу органы Кыргызстанды демократиялуу өнүгүү жолуна салып бергендигин, аны менен катар жаңы Конституция кабыл алынып, өлкөбүздүн мыйзам чыгаруу органы азыркы аталышына – Жогорку Кеңеш деп өзгөргөндүгүн жакшы билесиздер. 350 депутаттан турган бул парламент өткөөл мезгилде тоталитардык режимди бузуп, эгемен Кыргызстандын саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик-укуктук актыларды кабыл алышкан. Тилекке каршы, ошол мезгилдеги бийлик менен Парламенттин ортосунда пайда болгон тирешүүлөр менен пикир келишпестиктер бул парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашына алып келген.
1995-жылы 1-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш, 2000-жылы эки палаталуу парламент болуп өзгөрүп – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны болуп калган. Андан кийин кайрадан мыйзамдар өзгөрүп, 2005-жылы бир мандаттуу округдардан бир палаталуу 75 депутат шайланып келишти. Мен дагы ошол парламентке шайланып, биринчи жолу депутат болгом. Саясаттагы өмүр жолум ошол учурдан башталып, көп саясий окуяларга күбө болуп, саясаттын күнгөй-тескейин ажыратып таанып, тажрыйба топтой баштагам. Билесиздер, бул 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти 2007-жылы күздө ошол кездеги президент Бакиев тараткан эле. Андан соң Баш мыйзам кайрадан өзгөрүп, ошол эле жылы партиялык система менен жаңы парламент шайланып келди. Бирок ал дагы көпкө узаган жок. 2010-жылы революция болуп, бул парламент дагы тарады. Баш мыйзам дагы бир жолу жаңыртылып, 2010-жылы өлкөбүзгө парламенттик башкаруу системасы орноду. Бул система орногондо тажрыйбанын жоктугунан уламбы, же жеке кызыкчылыктар үчүн мүмкүнчүлүктөргө жол чабылдыбы, айтор, саясий коррупциянын арааны ачылды. Партиянын тизмесиндеги биринчи ондуктардын ар бири миллион долларга чейин сатылган учурлар болду. Мына ошол учурда, 2010-жылы, “Ата Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Мыйзам чыгаруу органынын ичинде кайнап, толгон-токой башаламандыкка, саясий коррупцияларга өз көзүм менен күбө болдум. Ошол кездеги Жогорку Кеңешке өткөн партиялар бири-бири менен соодалашып, өлкөнү үч партия үчкө бөлүп кетти. Анткени Баш мыйзам ушундай түзүлүп калган эле. Кызмат орундары соодалашуунун предметине айланып калган. “Биздин партияга чуркаган” деген түркөй принцип менен диплому жок партиялык тарапташтар деле ар кайсы мекемелерге жетекчи, аким, мэр болуп дайындалышты.
Кадр таптап өстүрүү дегенге таптакыр маани берилбей, кадр саясаты мурдакыдадан да болуп көрбөгөндөй кризиске кептелди. Кызматтар кызылдай акчаларга сатылып, чыныгы кесипкөй, иш билги, мекенчил адамдардын келечегине балта чабылды. Муну эч качан жашыра албайбыз, анткени бул – ачуу чындык!
Саясий коррупция айылдык деңгээлге чейин түшүп кетти. Министрлер, Премьер-министр баш болуп Президентке эмес, Жогорку Кеңештеги фракцияларга баш ийишет эле. Ар бир депутат Өкмөттүн, министрлердин үстүнөн өзүнчө Президент болуп калышкан. Себеби өкмөт менен министрлерди депутаттар кызматка коёт эле. Анан кантип мамлекеттин иши алдыга жылсын?!
Ошентип, өлкөбүз 10 жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот. Тилекке каршы, мына ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди. Жыйынтыгында өзүңүздөр билгендей, мамлекетибиз чачырап кете жаздады.
Партиялык системанын аброю түшүп, элдин жеке эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр өчүп калды. Партиялык тизмелер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да депутат болуп жатышты. Шайлоо дегенде жамы журт иренжиген акыбалга кептелди.
Эгемендик алгандан тарта сөзүбүз менен ишибиз айкалышпай, эл арасында таасирин күчөтүү, упай топтоо үчүн саясатчылар, айрым депутаттар, популисттик билдирүүлөрдү жасоо менен алек болушту.
Ушул менин билдирүүм мамлекеттин эл аралык мамилелерине залакасы тийип калбайбы деп ойлошпой, өзүнүн жеке пиарын жасап, элге жакшы көрүнүп алсам болду деген саясатчылар дагы болду.
“Тиги депутат кыйын экен, бетке айтты, бул депутат кыйын экен, түкүнчө министрди жарга такады” деп, өз рейтингин гана көтөргөн пиарга жетиштик. Ошондой саясатчыларды көргөн кийинки муун куру кыйкырык, куу сүрөөнгө жетеленип, популист, демагог болуп тарбияланып чыгуу коркунучуна туш болду.
Мамлекеттин өнүгүшүн, келечегин, эл аралык кадыр-баркын ойлогон, аны иш жүзүндө далилдеп аракет кылгандар абдан эле суюлуп, андан сырткары элибиз да кайдыгер абалда болуп, эч кимге ишенбей калды.
Мыйзамдарды жеке кызыкчылыгы үчүн жазган депутаттар болду. Алар аз келгенсип айрым депутаттар ири суммадагы акча үчүн чет өлкөлүк уюмдардын кызыкчылыгына, айрым депутаттар болсо өзүбүздүн эле олигархтардан өтө чоң суммада акча алып алардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды жазып, кабыл алып берген учурлары да болгон. Муну саясий коррупция деп атап жүрөбүз. Мына ушунун баарына араңарда көптөн бери депутат болуп келе жаткан менин мурдагы кесиптештерим күбө. Жаңы келген депутаттар эскилерден сурасаңыздар, алар айтып беришет кимдер экенин.
Эми урматтуу депутаттар, муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан өткөөл маалда жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү. Силерден суранарым, жогорудагыдай жагымсыз, мыйзамсыз, ыплас иштерди сиздер кайталабасаңыздар. Ар бириңиздерден мамлекетчил болушуңуздарды суранар элем. Жалпы элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштеп бериңиздер.”

