Прокуратура: Жеке менчикке өтүп кеткен жерлер мамлекетке кайтарылууда

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 45

Ысык-Көл областынын Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен жер аянттарын, айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүдө, райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен 4 дыйкан чарбасына жалпы 61,4 га айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылган. Натыйжада, баасы 20 млн 575 миӊ сомду түзгөн 61.4 га жер аянты мамлекетке кайтарылды.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X