Ушул айдан тарта Кыргызстандагы курулуш компаниялары өздөрү салып жаткан ар бир объектиге анын мыйзамдуулугу тууралуу маалымат берген QR код илүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Маалыматка ылайык, талапты аткарбагандарга айып пул салынат.