Реабилитациялык борборго жаңы жабдуулар берилди

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Беловодск айылындагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге жана Сокулук районундагы реабилитациялык борборго атайын медициналык жабдуулар тапшырылды.

Жабдуулар Good Neighbors International эл аралык уюму менен түзүлгөн меморандумдун алкагында берилди.

Министрдин орун басары Айнура Орозбаеванын айтымында, бул жабдуулар реабилитациялык кызматтардын сапатын жогорулатып, балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө пайда алып келет.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X