Ризван ИСМАИЛОВА, филология илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, адабиятчы, журналист: “ӨМҮРҮМ КОМБАЙНДАЙ ИШТЕГЕН ГЕЗИТ МЕНЕН КОШО ӨТТҮ”

Гүл өстүрүп жан дүйнөсүн тынчтандырган, кара жумуштан качпаган, басма сөздө дыйкандай эмгектенген, бир мезгилде үч-төрт ишти аркалаган эмгекчил калемгер – Ризван Исмаилова. Журналистика, илим, адабият, котормо жана мугалимдикти айкалыштыра алып келген мээнеткеч  айым менен өмүр жолу, чыгармачылыгы  тууралуу кенен маек курдук.

– Сиздин өмүр жолуңузду карап отуруп, “журналистика — тагдыр” деген ой келет. Бул жол өзүңүз каалаган тандоо беле?

– Бул жолго мен даярдык менен келгем. Кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, филолог адистигине ээ болгом. Бирок филология менен чектелип калбай, сөздүн коомдогу күчүн, жоопкерчилигин эрте түшүндүм. Студент кезимде эле макалаларым райондук, облустук жана «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» гезиттерине чыгып турчу. Ошондо эле калем менен тагдырым биригип калган.

1984-жылы азыркы «Ош жаңырыгы» мурдагы «Ленин жолу» гезитине кабарчы болуп ишке орноштум. Ал кезде бул гезит Ош обкому партиясына карачу. Кадыр-баркы, талабы, жоопкерчилиги өтө жогору эле. Мени такшалткан чоң мектеп болду.

– Гезит эмнени үйрөттү?

– Гезит адамды шашылыш эмес, так ойлонууга үйрөтөт. Адамдар менен иштейсиң, алардын тагдырын угасың, көрөсүң. Турмуштун кооз жагын эле эмес, жан дүйнөнүн жарасын, өксүгүн да көрөсүң.

Өмүрүмдүн көбү гезитте өттү. Гезиттин иштөө системасы комбайн сыяктуу — токтобошу үчүн дайыма маалымат керек. Оперативдүүлүк, чынчылдык, жоопкерчилик — булар гезиттин жазылбаган мыйзамдары десем болот.

– Облустук гезитте иштөө эмнеси менен оор, эмнеси менен баалуу болду?

– Ош облусу чоң аймак. Кайсы тармакты жазба — ошол тармакты түшүнүшүң керек. Маданият, айыл чарба, коомдук-саясий темалар, расмий иш-чаралар, котормолор — баарына даяр болушум керек эле.

Иш сапарлар менен өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын кыдырдым. Ошол сапарлар мага жердин, элдин, турмуштун баасын сездирди.

– “Эркин-Тоо” гезити сиздин тагдырыңызда кандай орунда турат?

– 1997-жылы “Эркин-Тоо” гезитине түштүк аймагы боюнча кабарчы болуп иштеп берүү сунушу түштү. Редактор маркум Таалайбек Темиров болчу. Бул гезит мамлекеттик саясатты чагылдырган, талабы катуу, өзүнүн так стили бар басылма эле. “Эркин-Тоо” менен узак убакыт кызматташтым. Ал мага кесиптик өсүү менен катар турмуштук таяныч да болду. Тапканымдын баарын балдарымдын билимине, келечегине жумшадым.

– Журналистика адабиятка болгон мүмкүнчүлүктөрдү тартып алган жокпу?

– Эгер таза жазуучу болом десең, гезитте иштебей койгон оң. Анткени гезит жанрга баш ийдирет. Биздин мезгилде очерк, сүрөттөмө, репортаж, эссе, аналитикалык макалалар — баары иштечү.  Азыр жанрдык жакырлануу байкалат. Бул мен үчүн тынчсыздандырган көрүнүш.

– Бир мезгилде журналист, мугалим, котормочу болуу — бул ашыкча эмгекчилдикпи же зарылчылыкпы?

– Зарылчылык болду десем болот. Ар бир төңкөрүш менен кошо экономикалык каатчылык келди. Мамлекет кыйналганда эл кошо кыйналат экен.

Эне катары балдарым үчүн жоопкерчилик алдым. Өмүр бою үч-төрт ишти аркаладым: журналист, ОшМУнун мугалими, кафедра башчысы, котормочу, чечендик өнөр боюнча окутуучу. Эртең менен сабак берип, түштөн кийин райондорго чыгып, түнү котормо жасачумун. Менде жай баракат турмуш болгон жок. Иш деп көп нерседен баш тарттым. Өмүрүм мээнет менен коштолгонуна  ыраазымын.

– Сиз 12 китеп жазыпсыз. Бул чыгармачылык эсеппи же ички муктаждыкпы?

– Бул жан дүйнөнүн муктаждыгы. Айрыкча Жолон Мамытовдун чыгармачылыгы менин өмүрлүк изилдөөмө айланды. Өзгөчө кыргыздын чыгаан акыны, от жүрөк Жолон Мамытовдун өмүрү менен чыгармачылыгын терең изилдедим. 25 жыл бою анын өмүрүн, тагдырын изилдеп, “Жолон
Мамытовдун лирикасы”, “Эпикалык чабыттар”, “Үнү каткан улар” деген китептерди жаздым. Бири поэзиясынын бөтөнчөлүктөрүнө арналса, экинчиси эпикалык чыгармаларына талдоо жүргүзүлдү.  2022-жылы “Үнү каткан улар” деген көркөм даректүү баянымды чыгардым. Бул китеп  адабиятта жарк этип,  48 жыл өмүр сүрүп кеткен акын Жолон Мамытовго коюлган гүлдестемдей эле болду. Анда анын апасы тууралуу мурда эч ким билбеген маалыматтарды камтыдым, ошондой эле акындын чыгармачылык шыгынын ойгонушуна түздөн-түз таасир берген адамдар,  Берикбай жамакчы жөнүндө баалуу маалыматтарды киргиздим. Бул китеп аркылуу окурман акындын инсандык жана чыгармачылык дүйнөсүнө терең кире алат.  Бул эмгектер азыр бааланбаса да, келечек өз баасын берет деп ишенем.

– Башка китептериңиз тууралуу да айтып берсеңиз…

– Албетте. Мисалы, “Ак өрүк” деген китебимде жолочерктер, аңгемелер жана күндөлүктөр камтылган. Кийин бул китеп аудиокитепке да айланып, кеңири аудиторияга жетти. “Кайрымдуу жүрөк карыбайт” деген китебим согуштан кайтпай калган жоокерлерге эстелик тургузган Ырсалат Абдимиталипова эже тууралуу баяндалат. Ал аялдын кайрымдуулугу жана эрдиги окурмандарды терең ойго салат.

“Күн жамынган аска” китебимде Калдаркан Шакирова деген Чоң-Алайда оор шартта да кыйынчылыктарды жеңип, мектеп жана мончо курууга жетишкен аял тууралуу баяндалат. Бул китепте коомдун көйгөйлөрүн чечкен жаратман адамдардын тагдыры көрсөтүлгөн.

– Адабиятка кызыгууңузга ким таасир этти?

– Бизди адабият дүйнөсүнө жетелеген агайым Абазбек Кожоев болду. Ал биздин мугалим болгон, наамга кызыкпаган, бирок балдардын жүрөгүн ачкан сабактарды берген адам. Мен анын эмгегин китеп аркылуу баяндадым. Агайдын сабак берүү ыкмалары жана балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы мен үчүн чоң дем берди.

– Соңку китептериңиз кандай темаларды камтыйт?

– Былтыр “Көркөм котормонун актуалдуу маселелери” деген китепти чыгардым. Бул эмгек көркөм котормо тармагына арналат. Анда көркөм котормонун качан пайда болгондугу, кандай өнүгүү этаптарынан өткөнү, орус адабияты менен байланышы жана котормолордун кыргыз адабиятына тийгизген таасири тууралуу кеңири талдоо берилген. Муну менен кыргыз адабиятынын көркөм котормо жанрынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн котормолор жана алардын авторлору тууралуу окурман маалымат ала алат.

– Европа тууралуу жол очерктериңиздин өзөгү  эмнеде?

– Европа өлкөлөрүн көрүп, алардын өнүгүшүнүн сырын аңдадым. Маселе байлыкта эмес, аң-сезимде, тартипте, билимде экен. Биз эмнеден артта калып жатабыз, кайсы сапаттарды өзгөртүшүбүз керек  ошону ачык жаздым. Бул китептер эл арасында жакшы кабыл алынды, чоң тираж менен чыкты.

– Европанын дагы эмнесине таасирлендиңиз?

– Европа байлыгы менен эмес, аң-сезими менен алдыга кетиптир. Мени тартип, билим, жоопкерчилик, адамга болгон урмат-сыйы таасирлентти.  Билимге абдан маани беришкенине, студенттердин колунан китеп түшпөгөнүнө, китепканаларындагы түзүлгөн шарттарына суктандым. Европа сапарына арналган китептериме биз эмне үчүн өнүкпөй жатабыз, эмнеден арылышыбыз керек мен  ушуну анализдеп жаздым.

– Демек, китеп жазуу сиз үчүн илим менен чыгармачылыктын айкалышыбы?

– Ооба. Мен үчүн китеп жазуу – бул чыгармачылык гана эмес, жан дүйнөнү, илимди, тарыхты айкалыштырган эмгек. Ар бир китептин артында адамдык сезим, илимге болгон сүйүү жана келечек муундарга жеткирүү максаты турат. Кээде китептерим ошол замандын бааланбаган инсандык баалуулуктарын жана чыгармачылык жетишкендиктерин кайра ача алат деп ишенем.

– Мугалим катары бүгүн сизди эң көп кооптонткон нерсе эмне?

– Жасалма интеллект. Ал жардамчы курал, бирок ой жүгүртүүнү алмаштыра албайт. Азыр массалык сабатсыздык күчөдү. Кыргызча ойлоно албаган муун өсүп жатат. Китепканага баргандар азайды. Китепканадан көбүнчө медициналык багытта билим алып жаткан чет элдиктерди көп кездештирдим.

– Жаратмандыкты кантип сактап калабыз?

– Өз акылыбызга, өз күчүбүзгө таянсак сактап калабыз. Айтайын дегеним, кол эмгек, таза ой, жоопкерчилик  ушуларды кайрадан баалашыбыз керек. Өнүккөн өлкөлөр ошон үчүн нукура нерсени бийик коёт. Көчүрүп алганга көнгөн адам жаратман боло албайт.

– Үй-бүлө, гүл, жер иши — сиз үчүн эмне?

– Үй-бүлө — таяныч. Жолдошум экөөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап, баарына жогорку билим бердик. Гүл өстүрүү — жан дүйнөнүн дарысы. Гүл адамдын маанайын сезет. Гүл өстүрүү дагы билимди талап кылат.  Кетмен чаап, бак иштеткенде да эс алам. Кара жумуштан коркпойм.

– Соңку суроом болсун. Бүгүн сизди эмне кыжаалат кылат?

– Жасалмалуулук. Бирөөнүн эмгегин уурдап, өзүнүкү кылып сүйлөгөндөр. Адамды сөз эмес, иш көрсөтөт. Биз ушакка эмес, ойго, талдоого, жаратмандыкка кайтышыбыз керек.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X