Россия Кыргызстанга 540 тоннадан ашык азык-түлүк жардамын жөнөттү

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Россия Кыргызстандагы 5,4 миң муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн 540 тоннадан ашык ун жана буурчак жөнөттү.

Азык-түлүктүн кезектеги партиясы Ошко жеткирилип, 16-сентябрда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына өткөрүлдү. Анын курамында 473,2 тонна витаминдештирилген буудай уну жана 67,5 тонна сары горох бар.

Жардам өлкөнүн түштүк аймактарындагы аз камсыз болгон жана аялуу үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Ар бир үй-бүлөгө 100 кг ун жана 12,5 кг горох берилет.

Азык-түлүктү жергиликтүү бийлик органдары БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен биргеликте таратышат.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X