Россия Тажикстандагы аскердик базасынын абадан коргонуусун күчтөндүрөт

Россиянын Коргоо министрлиги Тажикстандагы россиялык 201-аскердик базанын абадан коргонуусун күчтөндүрөт, анын куралдануусуна эң жаңы көтөрүп жүрмө “Верба” зениттик-ракеталык комплекстери берилет деп маалымдады “Известия” басылмасы. Бул комплекс канаттуу ракеталарды, учукучу жок аппараттарды жана дрондорду жок кылат.

Эксперттердин пикиринде, россиялык армия өз базасынын абадан коргонуусун америкалык аскерлердин Афганистандан чыгарылып жаткандыгына байланыштуу өркүндөтүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X