Россия Украинадагы дипломаттарын алып чыгууда

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 45

Украина менен Россия мамлекеттеринин ортосундагы чыңалууга байланыштуу Украин бийлиги Россиянын аймагынан жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу  Украинанын Тышкы иштер министрлиги расмий жарыялап, Россия менен дипломатиялык мамилелерди толук үзүп, чек араны жабуу чечими кабыл алынарын  кабарлады.

Ал эми Россия тарап Украинанын Киев шаарындагы элчилигинин, Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын кызматкерлерин алып чыгууда.

Эске салсак, ушул жылдын 21-февралында РФ президенти Владимир Путин Донецк Эл Республикасы жана Луганск Эл Республикасынын  көз карандысыздыгын тааныгандыгын жарыялап, алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон.

22-февраль күнү чечим РФдин Мамлекеттик Думасында  ратификацияланып, россиялык аскерлерди  Донбасска киргизүүгө  уруксат берилген.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын бул кадамын Украинанын суверенитетин бузуу катары баалап, Россия тарап «согуш» жарыялады деп билдирген.

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X