Россияда кыргызстандык окуучу бычакталды
Россиянын Мытищи шаарындагы мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен жарадар кылган. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигининин маалыматына ылайык, жаракат алган 14 жаштагы өспүрүм бала Кыргызстандын жараны.
Окуя Москва облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана КР элчилигинин көзөмөлүнө алынып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.