Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан 2022-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки аралыкта Кыргызстандын жарандарына 470 ID-паспорт берилген. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта элчилик КР жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 10 миңге жакын консулдук иш-чараларды жүргүзгөн. Анын ичинен:
— жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө – 1 882;
— ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо – 735;
— КРнын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө – 277;
— жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү – 991;
— ID-паспортторду берүү – 470;
— КРнын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү – 290;
— мекенге кайтууга күбөлүк берүү – 1 297;
— консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу – 1 794;
— ПИН дайындоо / оңдоо – 1 022;
— документтерди суратып алуу – 850;
— жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү – 263;
— КРнын жарандыгына таандыктыгын орнотуу – 36;
— нотариалдык иш-аракеттер – 77;
— жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү – 7.