"Эркин-Тоо"

Россиядан арпанын элиталык үрөнү келди

Балыкчы станциясына элиталык жана биринчи репродукциядагы «Ставрополь уруктары» компаниясынын Вакула сортундагы жаздык арпанын үрөнүнүн алгачкы 3 вагону (200 тонна) келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үрөндөр КР ӨКМне караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан убактылуу сактоого кабыл алынган жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунун үрөн чарбаларына жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө таратылат.

Элиталык үрөндөр үрөн чарбаларына, биринчи репродукциядагы үрөндөр айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө сапатын текшерүү үчүн лабораториялык анализден өткөндөн кийин жана «Айыл Банк» ААКы менен келишим түзүлгөн соң берилет.

«Айыл Банк» ААКнын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык насыя түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жылдын 15-ноябрына чейин 50% кайтаруу менен. Үрөндүн баасы: элита – килограммы 53,85 сом жана биринчи репродукция — килограммы 47,1 сом.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!