Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды. Маалыматты Президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Тагаев Русланбек Таштанбекович Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Президент кол койгон тескемеге ылайык, Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Аттокуров Алмаз Анарбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.