Русланбек Жакышов Ошто студенттер менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Ош мамлекеттик университетинин жана М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушту.
Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоонун мааниси, жаштардын жарандык жоопкерчилиги жана шайлоо процессине катышуунун жол-жоболору тууралуу маалымат берилди.
Русланбек Жакышов шайлоо жөн гана формалдуу процесс эмес, өлкөнүн кадр саясатына жана аймактардын өнүгүшүнө таасир этүүчү маанилүү жарандык механизм экенин белгиледи. Ошондой эле студенттерди өз келечегине байланыштуу чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышууга чакырды.
Ал добуш берүү жол-жоболорунун жөнөкөйлөштүрүлүшү жарандардын шайлоого катышуусундагы мурдагы тоскоолдуктарды азайтканын белгилеп, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Жолугушуулар жаштардын шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга жана демократиялык маданиятын калыптандырууга багытталды.