"Эркин-Тоо"

Сүйүү жана карьера деп жүрүп жалгыз калган актриса II бөлүм

АКТРИСА

Бирок чыныгы спектакль андан кийин башталды. Тойдун башталышы жубайлардын ушуга чейин чогуу жашаган кырк жылга чамалуу жашоосундагы өрнөктүүлүгүн, ынтымак-ырашкерлигин, үлгүлүү ата-эне экендиктерин даңазалаган слайд-шоу менен ачылды, слайдда тээ жаш чактан берки сакталып келген не бир сонун сүрөттөр, азыркы күндөгү сүрөт, видеолор камтылыптыр… Уул-кыздары, келиндери, күйөө балдары, өңчөй аппак кийинген неберелери!!! Айтор өзүнө бир ажайып элестер! Суктанаарлык. Курбусу турду күлүп-жайнап, күйөөсүнүн жетегинде  бажырайып, ооба… Ооба, мунун чын эле бактылуу экендигине ишенбей коюуга мүмкун эмес эле!!! Кечээги эле жылдарда, күндөрдө өзү аяп, шоркелдей элестетип жүргөн курбусу азыр көз көрүнөө анын баарын танып коё алды. Анын бактылуу экендигине ишенбей коюу эч мүмкүн болбоду!!!

Ушул жерде, ушул саатта турмуштун чоң сахнасындагы эң башкы ролду эч кимге бербей, кечээги курбусу, кечээги байкуш курбусу ойноп атты. Болгондо да дүйнөдөгү эң бактылуу жубайдын, эненин жана аялдын образын жаратты. Ишенимдүү, шексиз, суктанарлык аткарды өз ролун. Тойго келип, аны карап турган эл эле эмес, өзү да ишенди, чын эле өмүр бою бактылуу жубай болгонуна…

Тойго чогулган көпчүлүк улам бири чыгып, курбусунун ардактуу жана күйүмдүү эне, алаканга салынып бапестелген асыл жубай экендигин, мындай үй-бүлөдөн келечектин жаштары таалим алса болорун, турмушта мына ушундай үй-бүлөлөр гана чыныгы сыйга татыктуу экендигин кайталай беришти… Улам-улам кулагына жаңырыктаган түшүнүктөрдөн жан-дүйнөсү тарып, кичирейгенден кичирейип баратты театр сахнасынын актрисасы…

Көрсө тиги, бүгүнкү күндүн, мындан аркы күндөрдүн бактылуу жана башкы ролун ээлеп алган курбусу турмуш сахнасына жаштыгын арнап койгон экен, кудум бул театр сахнасына жаштыгын, бүткүл жашоосун арнап койгондой… Арийне… Кайсы сахна болбосун, өзүндөгү жакшы ролду жаштык менен сулуулукка арнагысы келери айдан ачык экен го! Аттиң, турмуш сахнасынан кечиккен экен! Анткен менен, курбусу  мыкты ойнойт экен өз сахнасында… Экөө тең актриса, көрүүчүлөрү гана эки башкача… Ушу тапта башы катып ойлонуп отурду, кайсы сахна жашоосунда маанилүүрөк орунду ээлемек деп…

Той болсо ортодон ары ооп калды.  Баягыдай каалоо-тилектер деле айтылбай, эми берегилердин  сахнасында тынымсыз  музыканын дүңкүлдөгү менен  шарап чөйчөктөрүнүн  шыңгыры, күлкүнүн шыңгыры, эки-үчтөн бөлүнүп алып эбедейи эзиле сыйлашуулар башталды.  Ортодо болсо, кудай  бетин салбасын… Укмуш эле бий болуп атты!!! Бир-эки аябай кызымтал немелер аялды  бийге тартып да көрүштү.  Жападан жалгыз калып калган  өзүн кайда  батыраарын билбей,  ансыз да ыңгайсыз отурган аялга азыр ортого чыгып алып бийлөө турсун, өз ордунда жөн эле отуруу да кыйын боло баштаган.  Ичинен корунуп турду, соксоюп жалгыз калганына, атаңдын көрү дүнүйө ай! Ушул жерде да билинип атканын кара эч кимиси жоктугунун!!!   (уландысы бар)

автор  Махабат Саидрахман

Биринчи бөлүмү төмөнкү шилтемеде:

https://erkin-too.kg/s%d2%afj%d2%af%d2%af-zhana-karera-dep-zh%d2%afr%d2%afp-zhalgyz-kalgan-aktrisa/

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!