Сүйүү жана карьера деп жүрүп жалгыз калган актриса III бөлүм

Бирок чыныгы спектакль андан кийин башталды. Тойдун башталышы жубайлардын ушуга чейин чогуу жашаган кырк жылга чамалуу жашоосундагы өрнөктүүлүгүн, ынтымак-ырашкерлигин, үлгүлүү ата-эне экендиктерин даңазалаган слайд-шоу менен ачылды, слайдда тээ жаш чактан берки сакталып келген не бир сонун сүрөттөр, азыркы күндөгү сүрөт, видеолор камтылыптыр… Уул-кыздары, келиндери, күйөө балдары, өңчөй аппак кийинген неберелери!!! Айтор өзүнө бир ажайып элестер! Суктанаарлык. Курбусу турду күлүп-жайнап, күйөөсүнүн жетегинде  бажырайып, ооба… Ооба, мунун чын эле бактылуу экендигине ишенбей коюуга мүмкун эмес эле!!! Кечээги эле жылдарда, күндөрдө өзү аяп, шоркелдей элестетип жүргөн курбусу азыр көз көрүнөө анын баарын танып коё алды. Анын бактылуу экендигине ишенбей коюу эч мүмкүн болбоду!!!

Ушул жерде, ушул саатта турмуштун чоң сахнасындагы эң башкы ролду эч кимге бербей, кечээги курбусу, кечээги байкуш курбусу ойноп атты. Болгондо да дүйнөдөгү эң бактылуу жубайдын, эненин жана аялдын образын жаратты. Ишенимдүү, шексиз, суктанарлык аткарды өз ролун. Тойго келип, аны карап турган эл эле эмес, өзү да ишенди, чын эле өмүр бою бактылуу жубай болгонуна…

Тойго чогулган көпчүлүк улам бири чыгып, курбусунун ардактуу жана күйүмдүү эне, алаканга салынып бапестелген асыл жубай экендигин, мындай үй-бүлөдөн келечектин жаштары таалим алса болорун, турмушта мына ушундай үй-бүлөлөр гана чыныгы сыйга татыктуу экендигин кайталай беришти… Улам-улам кулагына жаңырыктаган түшүнүктөрдөн жан-дүйнөсү тарып, кичирейгенден кичирейип баратты театр сахнасынын актрисасы…

Көрсө тиги, бүгүнкү күндүн, мындан аркы күндөрдүн бактылуу жана башкы ролун ээлеп алган курбусу турмуш сахнасына жаштыгын арнап койгон экен, кудум бул театр сахнасына жаштыгын, бүткүл жашоосун арнап койгондой… Арийне… Кайсы сахна болбосун, өзүндөгү жакшы ролду жаштык менен сулуулукка арнагысы келери айдан ачык экен го! Аттиң, турмуш сахнасынан кечиккен экен! Анткен менен, курбусу  мыкты ойнойт экен өз сахнасында… Экөө тең актриса, көрүүчүлөрү гана эки башкача… Ушу тапта башы катып ойлонуп отурду, кайсы сахна жашоосунда маанилүүрөк орунду ээлемек деп…

Той болсо ортодон ары ооп калды.  Баягыдай каалоо-тилектер деле айтылбай, эми берегилердин  сахнасында тынымсыз  музыканын дүңкүлдөгү менен  шарап чөйчөктөрүнүн  шыңгыры, күлкүнүн шыңгыры, эки-үчтөн бөлүнүп алып эбедейи эзиле сыйлашуулар башталды.  Ортодо болсо, кудай  бетин салбасын… Укмуш эле бий болуп атты!!! Бир-эки аябай кызымтал немелер аялды  бийге тартып да көрүштү.  Жападан жалгыз калып калган  өзүн кайда  батыраарын билбей,  ансыз да ыңгайсыз отурган аялга азыр ортого чыгып алып бийлөө турсун, өз ордунда жөн эле отуруу да кыйын боло баштаган.  Ичинен корунуп турду, соксоюп жалгыз калганына, атаңдын көрү дүнүйө ай! Ушул жерде да билинип атканын кара эч кимиси жоктугунун!!!Чын эле булардын арасында өзү ушунчалык байкушпу эмне!?Кайда жанагы башкы ролдогу неме? Айланасына аргасыз көз чаптырып койду, эч ким менин ушу абалымды байкап аткан жокпу дегенсип.  Муну менен чогуу бир дасторконго отурушкан  тигинин аяштары болсо бийдин кызуусунда!Анан өзүн-өзү жооткото бир аз шарап уурттамыш этти.  Дал ушул учурда  кудай  жалгап  бүгүнку күндүн күнөөкөрү  болуп аткан  курбусу  келе жаткан  эле  муну көздөй тамылжып  алып;

— Каныштай, кандай, жакшы эле отурасыңбы? Кечир ээ алтыным, элден бошой албай сага көңүл  бура албай  калыпмын…  — Курбусу  сыймыктана карап койду  тойдо дуулап аткан көпчүлүктү.

— Кел, олтур бир аз.  Мен тойдун аягына  чейин отурбай эле кете турган болуп калдым…    Бир аз жанымда бол, анан мени узатып кой макулбу…

— Не, бирдеме болдубу? Бирөө жарым жиниңе тийип койгон окшойт, оюңа  албачы, бул эми той да!Тойдо боло берет го эми, -жалжылдай карады кечирим сурагансып…  бечара!Анткен менен  баягы  эле  курбусу, жароокер, жумшак.  Үстүндөгү көйнөгүн кара! Жылтыр-жултур,   салтанаттуу көйнөккө мобунун жалтаңдаган жапакеч жүзү дегеле коошпой  калган экен! Кудум, бир канча жыл бою сарайда жаткан балатыны бутактары күбүлүп калганына карабай алып чыгып  майрамга карата кооздоп койгонсуп…

— Дүнүйөң  жерге кирсинчи!..  Ага бир чарпылып, буга бир чарпылып жүрүп кантип убакыт өткөнүн да байкабай калат экенсиң  адам байкуш…  Кел андан көрө  ууртап отур…  -курбусу оор күрсүнуп алып,  чөйчөктөргө шарап  жаңыртты.  -Ушинтип жашоо өтө берет экен да…  Бир карасаң эле уул-кызың чоңоюп, анан тез эле небере күтө баштайт экенсиң!Жок дегенде кудайдын  ушунусуна шүгүр деп калдым эми.  Бала-бакыра аман-эсен, эл арасында жакшынакай ордун таап кетишти…  Эми тилегеним эле ушулардын бактысы…  Башка эмне кеп менде!Башка кандай кеп болмок эле…

…  Кызуулугунан бир аз эреркеп кеткен курбусунун көзүнө жаш айлана түштү!Ооба, тээ жаштык жылдарынан баштап ички сырын, кайгы-кубанычын тең бөлүшө келген курбусу ушу азыр да ички толгонуусун бир кайрып алды.  Карегине айлана түшкөн көз жаштын сырын экөө гана биле алышмак, сезе алышмак!!! Аял курбусун чын дилинен жакшы көрүп турду, ал буга эч качан калп айткан эмес, бүгүн да ошентти!Кандай болгон күндо да анын бактысын кубаттаган бир жакшы сөз таап сүйлөшү керек эле, азыр ушу тойдогу жан адамга билгизбес ички монологун буга гана буулуга айтып турган курбусуна.

— Антпегин!Карачы, кандай жакшынакай неберелериң бар!Кыздарыңды карачы, экөө тең жаркылдаган сонун кыздар болушуптур!Уулуң болсо  керилген келишимдуу мырзага айланыптыр!Сенде эмне арман болмок эле!

Курбусу  көз жашын эч кимге билгизбөөгө аракеттенип, акырын гана ыйлап отурду…  Ушул турушунда ал бактылуу да, бактысыз да эле!

*     *     *

Бир топ кызымтал болуп калганына карабай тойдон жакшы маанай  менен келди үйүнө! Кире бериштен өтүп баратып адатынча күзгүдөгү өзүнө бир ирет көз чаптырып койду,  көздөрү күлмүңдөп, сулуу тартып турган экен  тээ илгеркидей.  ”Азыр…  -деди-азыр келем.  ” Бул ирет күзгүсүнө жалгыз келбеди.  Моюнуна жылтылдаган күмүш чынжырча тагынып келди.  Капкайдагы буюмдарынын тээ түпкүрүндө катылып жаткан моюнга тагылчу ичке чынжырчасын атайылап эле издеп таап чыкты!

“Жарашпайт.  .  ”-деди күзгү.  ”Карачы, моюнуң азыр баягыдай мөлтүр эмес!”

“Ишиң болбосун!Жарашпаса да мага кымбат бул буюм! Бардык буюмдарымдан  кымбат!…  ” Мелтирей каяша айтты күзгүсүнө, жылтылдаган  чынжырчадан көзүн тарта албай.   “Хм.  .  Кымбат деп…  Кымбат деп жүрүп кымбат өмүрүңдү  коколой баш калтырдың!!! Эмне таптын айтчы!? Эмне таптың!? “ — “Сүйүү  тапкам.  Бир өмүргө  татый турган керемет сүйүү  тапкам…  Өмүр бою сүйдүм! Кусалыктан куурагыча  сүйдүм!Ыйлап да, жыргап да сүйдүм!”Аял жашка чайылып мөлтүлдөй түшкөн өзүнүн көздөрүнө тигилип турду  күзгүдөн.  Көздөрү  сулуу эле ушул тапта…  оох…  качантан бери ушинтип төгүлүп ыйлай элек экен!Сымаптай тунук көз жашы жылуу анан жагымдуу, колдору абайлай келип күмүш чынжырчаны сылап алды.    “…  акыркы эстелиги ушул болгон, ушуну апкелген күнү биз аябай сырдашканбыз, достошконбуз…  анан ал кеткен!Өз турмушуна кеткен…  А мен ага ак жол тилегем…  Бирок өзүмдү  андан бөлөк эч кимге ыраа көрө алган жокмун андан кийин…”

Ооба, ошол акыл-эске толуп, жаштыгы жайнап турган кезде укмуш бир сүйүү кездешкен тагдырында…   (уландысы бар) Махабат Саидрахманова

error: Content is protected !!