Сүйүү жана карьера деп жүрүп жалгыз калган актриса

АКТРИСА

Кеч күз эле, сыртта бир аз суук. Анын үстүнө күн да батып кетти көрүнөт. Терезесин кенен ачып салып, анын эскилиги жеткен жыгач рамасына сүйөнүп, короодо чуру-чуу түшүп ойноп жаткан бала-чакага назарын салып турду. Акыркы күндөрү бул көрүнүш жашоосунда адатка айланып барат. Анан эмне! Адатка айланбаганда…

Шуу үшкүрүнө, терезеден артка кетенчиктей берип, ой-сезимине баш ийе бербеген бир сезимге жетеленип, күзгүнүн алдына барып калганын байкады. Күзгүсү – кооз, бышык, анан калса чоң күзгү. Ушул эскирбей койду такыр, четтериндеги алтын түстүү, оймо-чиймелүү алкагы күнү бүгүнкүсүндөй жалтырайт да турат!.. Өзүнчө эле шаан-шөкөттүү! Өзүнчө эле менменсийт тобо… Кудум ушул үйдүн ханышасындай болуп… Таажысын кийип алып, үй ичиндеги болгон-бүткөн нерсенин баарына өз бийлигин жүргүзүп отурган немедей койкоёт да, жаркырайт!  Аял… Жөн гана күзгүнүн маңдайында көпкө турду, манжалары өзүнөн-өзү көз астындагы кат-кат бырыштарын аяр да, аяй да сылап, өз жүзүнө өзү мелтирей тигилди. Ушул тапта күзгү аны карап мыйыгынан жылмайгансыды аялга. Дагы эле менменсинген түрү!..

А кайсы бир учурда өзү менменсий тиктечү ушул күзгүнү. Текебердене тиктечү! Мыйыгынан жылмайып, ойкуштап он түрлүү өзгөрүп, ойноктоп карачу күзгүгө. А күзгүсү жаш аялдын жаштык деминен, чиренген сулуулугунан уялансып, басынгансып унчукпай гана мелтиречү…

Түркүн-түстүү бет боёкторунун уусуна жедеп ууланып бүткөн, эми боёкту кабыл алууга деле шайманы келбей калган бырыштуу кунарсыз жүзүнө, купкуу эриндерине кейий тиктеп турду ушул тапта. Эми буга боёк сүртүүнү деле кажети жок болчу… Капысынан келген бир ой мээсин чарпып өттү да, өзү да таң калды ушундай окшоштукка. Учурунда өзүнө аёосуз кызмат өтөгөн экен мобу азыр керектен чыккансыган кунарсыз жүзү. Оо ал кезде…

Өзү да агы ак, кызылы кызыл болуп чырайына чыгып турган учуру да… Өзүнүн чырайы аз келгенсип үстүнөн жабылган боёкту айт! Театрдагы эле грим канча! Боёк жабылган сайын сулуулугу дагы арта түшүп суктанган, таңданган көздөргө менменсий, оолжуй карачу тура!.. Кудум азыр муну күзгүсү менменсий тигилгенсип. Маңдайга бүткөн ушул сулуулугу, аны менен кошо келген атак-даңкы тагдырындагы болгон кем-кетигин толуктап, билгизбей турчу экен да көрсө…

“Жоок… тескерисинче  болуп жүрбөсүн” деди  күзгүдөгү өзү”… Сендеги чети кетиле элек кемтиксиз бакытты дал ошол сулуулугуң менен атак-даңкың жок кылган болуп жүрбөсүн… А сен ошондо насилиң аял экенин сезбей, өз турпатыңдан аялзаттын эмес сулуулуктун гана кейпин көрчүсүң да! Сага мүмкүндүк деле беришкен жок да өз ичиңде аял жашаганын сезүүгө! Анткендин ордуна баары сенин сулуулугуңа суктанышып, талантыңа таазим этишкен. Анан баары бир ооздон “искусство үчүн гана жаралган керемет” деп аташкан сени… Эсиңдеби?! Чындыгында туура айтылган татыктуу сөз болчу, бирок ал өз саатынын гана туура сөздөрү болгон… А сен, ансыз да келберсиген жаның бир ирмем да ойлонбой туруп аял экениңди унутуп, “искусство”,  “керемет”, ”сулуулук” деген гана сөздөрдү эстеп калдың да, ошол жерден сапарыңа чекит коюп, бактылуу жашадың… Жалгыздык деген нерсе менен таанышууга да мүмкүндүк болгон жок да ээ сенде?

Аял күзгүдөн терс бурулуп кетти. Аягына чейин чыдап угуу мүмкүн эместей… “Анткен менен өз кезегинде бактылуу жашагам!!!”- деп ыйламсырады аргасы куруп. Ушул күзгү жаркырап бөлмөсүнүн бир капшытын ээлеп алганы аз келгенсип, кыбыр эткендин баарын, жада калса ойлогон оюн да башкара бергени өтүп кетти! Ээ,  күзгү болбосо жерге кирсинчи… Кичине эшикке басып сейилдеп келсе не болот?… Ырас эле!  Шашып кийим алмаштыра баштады, заматта даяр болуп, өзүн бир карап коюу учүн күзгүнүн маңдайына келип калганын байкабаптыр. “Бырс” күлгөнсүдү күзгү мунун түрүнө, “кейпиң кантет, сен каякка, өзүңчө эле графинядай койкоңдоп… хи-хи-хи…” … Чын. Күзгүнүн оюна макул болду ушул ирет, тим эле бир образга кирчүдөй болуп, азем кол чатыры, саркеч ийин жапкычы, стилдүү, кооз шляпасы… Чын эле ушул түрү менен каякка бармакчы?… Сахна болсо го…

… Сагынды сахнасын! Чыныгы жашоосун ошол жерде, кайсыдыр каармандардын образында гана жашаптыр… Өзүн жашай элек экен көрсө бул турмушта, али өз образын жарата элек экен! А мынабул турмуш болсо такыр эле сахнага окшошпойт тура! Кайда барсаң мамайдын көрүнө окшоп, бири-бири менен иши жок, кыжы-кыйма, тартышкан, түртүшкөн эл! Сулуулугуңду, улуулугуңду, талантыңды, идеяларынды уруп ойнобогон көпчүлүктүн шары… Сенин бар же жогуңду да байкашпайт керек болсо! Буларды оңой менен таң калтыра да албайсың, сенин театрда ойногон ролдоруң, трагедия менен комедияларың бул турмуш аттуу чоң сахнанын алдында суу кечпейт ошондо? Кызык… эми дал ушундай шартта өз жашоосун жашап, али турмушта ойнолуп көрө элек өзүнүн образын жаратышы керек экен! А өзүнүн кандай каарман экени азырынча өзүнө да белгисиз эле.

… Ошондон көп өтпөй тойго чакыруу  алды, курбусу эле, алтымыш жылдыгын ресторанда белгилемей болуп, көп киши чакырышыптыр. Аял баргысы деле келбеди, бирок аягында ошол  шоркелдей  курбусун чын дилинен аяп бара турган болду. Аяганынын да жөнү бар, бечара курбусу бул билгенден жакшылыктуу деле күн көргөн жок, канча ирет күйөөсүнүн кордугуна кабылып, качып келбеди, арыз-муңун айтып муңайбады!.. Аны аяп, ичинен ошонукундай тагдырга туш келип калбаганына миң жолу шүгүр келтирчү, ар качан колунан келген жардамын аячу эмес. Эми минтип ошол шоркелдей тойго чакырып атса кантип барбайт… Өмүрүндө бир ирет жакшылык көрүп атса деп койду оюнда.

Той деген той, ар түркүн адамдан баш айланат, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер! Алгач  муну көрүшкөндө өзгөчө урмат-сый менен тосуп алышты, кантсе да бир учурдун белгилүү, атагы калайыкка тегиз жеткен, сулуу актрисасы эмес беле! Көпчүлүктүн ичинде мунун таланты менен сулуулугуна таазим этип, чогуу сүрөткө түшчүлөр да арбын экен. Не деген менен дымагы бийиктеп калды… Аха… Турмуш сахнасыбы! Анда да ийгилик жаратып көрөлүчү кана деди ички сезими толкуй түшүп…

Бирок чыныгы спектакль андан кийин башталды… (уландысы бар)  Автор: Махабат Саидрахман

error: Content is protected !!