Сүйүнбек Касмамбетов: “Керегеңди кең кыл – эл келсин, түндүгүңдү бийиктет – күн тийсин, нур менен үйүңө кут кирсин”

11-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Өмүрүн жалаң мамлекеттик ишке арнап, эгемендик жылдарында бардык мыйзамдардын жазылышын жана аткарылышын көз алдынан өткөргөн, өлкөнүн расмий документациясын мыкты билген Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго жолугуп азыркы абал, бараткан багыт, эртеңки келечек жөнүндө кенен баарлаштык.

— Сүйүнбек Сапарбекович, аптанын башында аялдардын эл аралык майрамы өттү. Байыркыдан ушул күнгө чейин кыргыз аялдарынын орду демократиялуу болуп келген эмеспи. Азыркы кыргыз аялдарынын орду, ролу кандай өзгөрдү деп ойлойсуз?

— Байыртан эле кыргыздын кыздары эркектер менен тең ата болуп тебетей кийип, душмандардын дубанын бузуп, туусун жыгып келишкен. Илгеркиден калк кадырлаган Каныкей апабыз, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Кишимжандар болсо, кийинкиден Курманжан Датка, Роза Отунбаева, чыгаан депутат айымдар чыкты. Аялдар дайыма өзүлөрүнө тиешелүү каада-салтын сактап, үкү тебетейин башынан түшүрбөй, эреженин баарын каны менен алып келди. Каада-салт, үрп-адат айырмаланып турганы менен нарк аны бир тутамдап турат. Элечек көчмөн элдин куралы болгон. Ак элечекти жазып ийсе, эки баатырдын кепиндигине, ак дасторконго, кырк баланын белин бууганга, боз үйдүн чамгарагын бекиткенге жеткен. Аялдардын башындагы элечекте 2-3 кг кездеме болгон, аны башка ороп жүрүш оңой болгон эмес. Бул эмне деген ыйык нарк, кайрат.

Азыр адам, коом өзгөрдү. Атага, энеге, балага мамиле, жерге, экологияга болгон мамиле өзгөрдү. Кыргыз тарыхында кайыната эч качан келинине карап, тапшырма берген эмес. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деп, кылым карыткан нарктуу сөзүн айтып, келин үйдүн ичинде жүргөндө хан ата болсо да кире албай турган. Бири-биринен ийменип турушкан, муну эч качан унутпашыбыз керек. Дүйнө эли бир гана өзүнүн наркы, салты менен таң калтыра алат. Баарында смартфон, телевизор, машина бар. Кедейби, жардыбы бардык өлкөлөр тең ата болуп жашап келе жатышат. Бирок, наркы, маданияты, насили, Манасы менен кыргыз эли дүйнөнү таң калтырып, ушул күнгө келип жеттик. Биздин энелер, кыздарыбыз эч качан жер карап, эркектен кагуу жеп калган эмес. Кылымдар бою аялзаты эркектер менен той-аштарда дасторкондо чогуу эле отурушкан. Азыр деле ресторандарда аралашып эле отурабыз го. Салтыбызда бөлүнүүчүлүк жок. Дүйнөдө Курманжан даткадай бир дагы эне болгон эмес. Баласын дарга асып жатса, өзү төрөгөн эне ага: “айланайын уулум, менин башымды жер каратпа, ажалга тике кара, намысың, наркың менен бол” деп айтып жатпайбы. Өз баласы өлүмгө кетип жатса, баласына кайрат айтып турган энени  башка улуттан уктук беле? Муну жүрөгү бүтүн гана кыргыздын айымдары айта алат. Тогуз ай көтөрүп, телчитип өстүргөн, бакандай кылып баккан уулун душманга тике каратып, намыска чакырган сөзүнө мына жүз жыл болду. Биз жол бузуу, дин бузуу, салт бузууларга жол бербешибиз керек. Бир сөздү кайталап миң кишиге айтсак, ал бир кишинин мээсине кирсе, ушул биздин ийгилик. Нарк-насилди сактоону кайталап жаштарга айтып турушубуз керек. Дүйнөдө феминизм деп эркектер менен тең укуктуулукту эми айтып  жатышса, бизде алмустактан, жыйноочулук, термечилик, мал чарбага өткөндөн бери аялдарыбыз эркектер менен тең ата.

— Сиздин атаңыз Сапарбек Касмамбетов белгилүү манасчы болгон, апаңыз Асангүл апа КРнын эмгек сиңирген мугалими. Сиз нарк-насилди билген интеллигент үй-бүлөдө чоңойдуңуз. Азыр айрымдары “Манасыңарды койгула, шарият менен жашайбыз” деген ойлорун таңуулай башташты. Буга кандай карайсыз? Өзүңүз “Манастын” канча вариантын окудуңуз?

— Ушуларга абдан каршылык көрсөтүү керек. “Манастын” чети оюлбаган кенч. Ал кыргыздын тарыхы, наркы, салты. “Манастан” эмне суроо издесең табасың. Балбай Алагушов деген агайым бир күнү чакырып: “айланайын балам, колуңа комуз алып чертип жүрөсүң, сага айтайын. “Манаста” жүзгө жакын музыкалык аспаптын аты айтылат. Бүгүн бизге отузу гана келип жетти. Жезтай, ымырык, чыңырык, шалдырак, дүп этме, дап этме дегендерди кайдан табам, кантип жасайбыз?” деди. Азыркы учурда “Камбаркан” тобу отуздай гана музыкалык аспапты пайдаланып жатат. “Манаста” найзанын эле учун 20 аталыш менен аташкан. Бөрү тил, найза тил, кайка тил, карга тил деп кете берет. Шырдактын үстүнө салынган жер төшөктөрдүн да жайма төшөк, кертме төшөк болуп көп түрү айтылат. Жер төшөк шырдактын үстүнө салынса, жан төшөккө шейшеп оролуп салынат. Кереге төшөк, көрпө төшөк, курама төшөк, дөң төшөк – ар биринин аты болгон. “Манас” дастанынан мамлекеттик структураны табасың. Хан Бакай Семетейди Таласта тосуп алып жатканда, дөңдүн үстүнө отургузуп алып, кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн, курамын айтып берет. Кырк уруудан тараган, кырк уукту бириктирген бир түндүктүн ичинде жашаган, кырк чоро баатырлардан түзүлгөн эл болгонубузду, жайыттардын, конуштардын бөлүнүшүн айтып берген. “Манасты” жомок дегендер адашат, жомок болсо бири-бирин кылымдап көрбөгөн Кызыл-Сууда, Алтайда, Австралияда жашаган кыргыздар “Манас” айта албайт болчу. Алар дагы Тайторуну чабат, биз дагы чабабыз. Мааниси, өзөгү бир, сөзү башка. Менин атам деле “Манас” айтканда, Тайторуну чапканды айтып, эки сааттан кийин кайра айттырсаң, башкача айтчу. Сөзү башка болгону менен окуя бир. Жаттама “Манас” эмес. Шапак Рысмендиев атамдын устаты болгон. Шапак, Сагынбай, Саякбай баш болгон манасчылардын бардык вариантын окуп чыктым, бардык окуяларын билем. Бирок атамдай күпүлдөтүп, түндөп, айлап-жылдап айта албайм. Эгер мен мамлекеттик кызматка кетпесем, Карамолдо атамдын комуз чертүүсүн, атамдын ырын улантып балким артист болуп кетмекмин. Атам бир жолу: «балам, сен казуусу кучак, азуусу бычак, столду бир муштаган чоң эле болчу, жалгыз эркексиң, “Манасты” жөн эле кой, мен эле айтайын» деди.

— Мамлекеттик кызматка келген чиновниктерге канткенде “Манас” окутса болот?

— Тилди, “Манас” айтууну, нарк-насилди үйрөтүүнү зордук, кыйноо менен мажбурлап үйрөтө албайбыз. Буга зарылдык келип чыгыш керек. Кезинде орус тилин билип калуубузга зарылдык пайда болгон. Ошондон баарыбыз үйрөндүк. Кудайга шүгүр, азыр коммуникация, технология аябай өнүктү. Котормону басып жүрүп уга берсе болот. Азыр эч тартынбастан жыйындардын баарында кыргызча сүйлөш керек. Мен мамлекеттик катчы катары бардык жерде кыргызча сүйлөйм, бирок котормо дагы болсун деп талап кылам. Мен эгер орусча сүйлөсөм, котормо аркылуу дароо баары кыргызча уга алат. Чиновниктерге “Манасты” оку деп зордоп көндүрө албайбыз. Ага зарылчылыкты түзүшүбүз керек. Бирок, кандай жетекчи болсо да нарк-насилди оозунан түшүрбөй айтышы керек. Мен “Манасымды”, нарк-насилимди, боз үйүмдү күндө айтам. Эргилчек, улага, илеге, кемеге, төр, чыгдан деген сыяктуу сөздөрдүн  маанисин билишибиз керек. Керегеңди кең кыл – эл келип турсун, уугуңду бийиктет – Күн тийип турсун, түндүгүңдү бийиктет – асмандан нур кирип турсун, нур менен үйүңө кут кирип турсун деп, ар бир боз үйдү чечмелеп айтып туруш керек.

— Кыргыз элинин карманаар бир идеологиясы кайсы? Буга чейин “Манастын” жети осуяты деп келдик.

— Тарыхта элдин эсинде калган эки чоң идеология болгон. Нацисттердин фашизм идеологиясы – биз өзгөчө арий элбиз деп Европаны каптап, миллиондогон адамдардын өмүрүн алды. Ар бир немис “биз арийбиз, ак сөөкпүз” деген. Бийлиги 1929-жылдан баштап 1940-жылга чейин бардык немистерди фанат кылып таштаган. Андан кийин мындан да күчтүү коммунисттик идеология чыккан. Ар бир беш жылдыкта беш гектар жерден кантип түшүм алабыз деп аткаруу бийлиги иштеп жатса, анын астынан беш эсе көп райком иштеген. Зууракан Кайназарованын ар бир кызылчасын, Таштанбек Акматовдун ар бир коюн эртеден кечке кайталап, КПССтин чечимдерин кайра-кайра айтып, коммунизмди курабыз деп элдин кулагына куя берген. Азыр кыргыз өлкөсүндө кандай идеология болуш керек?

Бул – адам, кыргыз жараны. Идеологиянын туу чокусу – жарандын бактысы жана таалайы, укугу, эркиндиги. Адам эң башында туруш керек дагы, бардык идеология же улуттук идея ошол адамдын бактысына, таалайына, ырыс-кешигине тегеренип турушу керек. Адамды ким бактылуу кылат? Мамлекеттеги ырааттуу саясат, жетекчилер кабыл алган адамдын жыргалчылыгы үчүн иштей турган чечимдер. Адамдын бактысы үчүн болгон саясатты колдоо, ынтымакка чакыруу, үндөө, билим алуу, аны башкаларга жайылтуу негизги багыт болушу керек. Салык төлөгөн адам урматтуу адамга айланышы кажет. Мурда борборлоштурулган экономика болгон. Бир машинанын дөңгөлөгүн Черкасск шаары, моторун Горький заводу, бортун Өзбекстан чыгарса, Кыргызстан чогултат деп баарын байлап койгон. Бир кашыкты союз учурунда үч өлкө чыгарган. Азыр баары жеке менчик. Кыргыз азыр менин директорум, адвокатым, дарыгерим, психологум, визажистим бар деп сүйлөйт. Мурун ушинтип сүйлөчү беле? Анткени, коом өзгөрдү. Адамдын мамилеси өзгөрдү.

— Президенттин Жарлыгына ылайык, сөөк коюуда мал союлбасын, той-аштарда адамдардын саны кыскарсын деген ысырапкорчулукка каршы аракеттер башталды. Муну токтото алабызбы?

— Эң жакшы Жарлык чыкты. Мунун мисалын “Манастан” айтайын. «Союштарын айдатып, конуштарын камдатып, көк желегин көтөрүп, хан Манас келди өкүрүп» дейт. Манас миң киши менен сөөк жашырганы жөнөгөндө, манап, даткалары аттанып, ар ким өзүнүн союшун айдатып, конушун камдатып, боз үйүн жүктөтүп, өкүрүп түшүп, топурак таштап кетишкен. “Манаста” минтип айтылат:

Көкөтөйдүн көк туусу
Көтөрүлдү калкылдап,
Жайнап жаткан калайык,
Атка минди шартылдап.
Найзанын учу жылтылдап,
Адамдын башы былкылдап,
Жыбыраган жел жатпай,
Короосунда эл батпай
Дасторконун жайнатып,
Союштарын айдатып,
Көкөтөйдүн ашына,
Көптөгөн эли келди дейт.

Мына, өз чыгымын өздөрү көтөрүп, жашай турган үйүнөн бери жүктөп келип, сөөккө урмат көрсөтүп, бир чыгым кылбай, сөөк жашырып кайра кетишет. Азыр миң киши бир адамга келет да үч жылкысын сойдуруп, чөнтөккө колду салып, 500-1000 сомдон кошумчасын берип коюп, талап жеп кетет. Кыргыз тарыхындагы эң акыркы орчундуу окуяны айтайын. Шабдан баатыр өлгөндө казактын султандары кымыздарын алдырып, жылкыларын байлатып, конуштарын тиктирип, сөөк жашырганы келишкен. 1922-жылы казактын кыйын төкмө акыны Кенендин Назар, Базар деген эки эгиз баласы чечекке чегилип, чегиш болуп чарчап калат. Анын кан досу, домбурасын келиштире черткен Осмонкул Бөлөбалаев акыныбыз барып, арман күүсүн чертип, катуу кайгырып төккөн экен. Ушул кезге чейин казактын акындары “Осмонкул акындын Кенен акынга келип ыйлап турган кези” деп анын арман ырын аткарып келатышат. Жаман кабар жеткенде «Осокем отуз жигитине конуштарын жүктөтүп, кийиздерин бүктөтүп, союшуна мал айдап, конушуна жер айдап, өкүрүп келип Кенен акынды кучактап түшүп, ырдап турган жери», – деп айтышат. Ага 100 жыл болду. Ошондо Осмонкул акыныбыз 80-90 киши менен барып, Кенендин ашын жеген жок да. Топурак таштады, сөөккө урмат-сыйын көрсөтүп, өзүнүн чыгымын өзү көтөрдү. Азыр байы болобу, кедейи болобу, бирине бири өчөшүп, “жалгыз эле атам болсо, менин эмнем кем?” деп салтка ылайык келбеген жоруктарды кылып, карызга, кредитке батып, жылкы союп чыгым болуп жатпайбы. Сөөктү жашырып келгенден кийин “каяктан эт жейбиз” деп чогулуп жатабыз. Эң биринчи чиновниктер, колунда барлар, балдары чыйрак чыккандар, өздөрү үлгү көргөзүп, токту эмес тоок сойбосун деп жатабыз. Ислам динин, шариятын дүйнөгө тараткан араб өлкөлөрүндө сөөктү жашырыш үчүн 30-40 мүнөт эле убакыт кетет. Тизилип барып сөөктү жашырышып, жаназаны окуп тарап кетишет. Сөөк чыккан үйгө мамлекеттен, жоро-жолдоштордон жардам берилет. Абасы ысык өлкөлөрдө сөөк жыттанып кетет, ошондуктан жарым саатта жерге беришет. Бизде болсо кээ бири сөөктү ардактап үч күн кармаш керек деп жатышат. Кыргыз көчмөн журт болгон, Арпа, Аксайдан туугандары Каркырага жеткиче 2-3 күн өткөндүр. Сөөктү сыйлап, ардактап кармагандан эмес, алыс жактан куда-сөөктөрү, кыз-кыркындары келип, топурак таштоо аземине сөзсүз катышып калсын деген зарылдыктан келип, 2-3 күн кармалып калган.

— Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жаштарда патриоттук духту ойготуп, улуттук буюм-тайымдардын соодасы жүрүшүп, улуттук оюндар дүйнөгө көрсөтүлүп, музыкабыз жаңырып, коноктор жаратылышыбызга суктанып, улуттук тамак-аштарыбызды татып, тамшанып кетишкен. Көчмөндөр оюндарын көбү сагынды, муну эч кимге бербей эле өзүбүздө өткөрө берсек болбойбу?

— Соңку тарыхыбызда оозго аларлык эң бир шаан-шөөкөттүү жакшы саясий окуя ушул болду. Быйыл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун түрктөр өткөрөт. Ага чейин үч жолкусун биз өткөрдүк. Мындан кийин эч кимге бербейбиз, автору бизбиз. Бизден келип уруксат алып, биздин жоболор менен мамлекет аралык саясий келишимдин негизинде гана башка өлкөлөр өткөрүшү мүмкүн. Мындан ары көчмөндөр оюнун өткөргөн өлкө салтанатты кыргыздын туусу менен ачышы керек. Менин тилегим ушул. Президентибиз Садыр Жапаровдун саясаты, менин, коомчулуктун дагы талабы – көчмөндөр оюнун эч кимге бербей, өзүбүздө өткөрүү. Жакында Президент өзүнүн Түрк кеңешиндеги жолугушуусунда “Көчмөндөр маданиятынын туу чокусу Кыргызстанда болсун” деп баса белгиледи. Ат жалында от бүркүп, улак тарткандарды көргөндөр «жан кечтилерби?» деп таң калып, кайра-кайра тартышып, дүйнөгө жайып жатышат. Көчмөндөрдүн аттары тоо-ташка бирдей чабат. Европада тоо аралатып ат чаппайт, ага медициналык көрсөтмө керек. Тоо-ташка, коктуга чуркай турган аттарды он жылдап тарбиялашат. Биздин аттар тоо-ташта туулган, аңды-дөңдү карабай, алдыга чаап чуркай берет. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, көчмөндөр оюну ЮНЕСКОдо кыргыз элиники деп катталды.

— Сүйүнбек Сапарбекович, сиз көп жылдан бери мамлекеттик кызматкер катары мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинде такшалдыңыз. Азыркы Президент бийликке келгенден кийин сиз дагы тажрыйбаңыздын аркасы менен элге жаккан Жарлыктардын, мыйзам, токтомдордун чыгуусуна түрткү болдуңузбу деп ойлой берем…

— Туура айтасыз. 40 жылдай мамлекеттик кызматта иштедим. Анын ичинен 29 жыл 9 ай Жогорку Кеңеште эмгектендим. Мен өзүм тарыхчымын, бирок коомчулук мени «карышкыр жутуп алган» юрист катары эсептешет. Себеби, көптөгөн мыйзам иштеп чыгууларды, эксперттик топторду жетектедим. Ушундан улам де-факто юрист болуп калдым. Юристтер менен тыгыз иштештим. Көптөгөн адамдар күчтүү менеджер-уюштургуч деп айтышат. Садыр Жапаров Президент болуп келгенде менин алдыма бир эле маселени коюп: “мамлекеттик иш, администрация токтоосуз ишин улантып, мурдагы кызматкерлердин бири дагы кетпеши керек. Сиз администрацияны үч күндө ишке алып чыга аласызбы?” деп сурады. Мен үч күн эмес, үч саатта администрацияны чогултуп, Президентке айттым. Ал чогулган кызматкерлерге “эч ким кетпесин, мындан ары да ишти уланта бересиздер, бара-бара жаңылыктарды, реформаларды жүргүзүп, ыкчамдуулукту киргизебиз, көзөмөлдү күчөтөбүз” деди. Ошондой кылды. Мен көп жылдык уюштуруучулук тажрыйбамды бул жакка пайдаландым. Президенттин эң чоң саясий иш-чараларын ийгиликтүү өткөрүштүм. Бир жыл администрацияны жетектеп, мамлекеттик катчылыкка кетип жатканда Президент өзү коомчулукка “ташка-тамга баскандай иштин баарын уюштуруп, белди бекем бууп, мамлекеттик иш-чараларды бийик деңгээлде өткөрүп, мага чоң жардам берди, эми Мамлекеттик катчы кылып дайындап жатам” деп жазды. Мен Президентке колумдан келишинче жардам берип келатам.

— Сыртка кетип жаткан мигранттар көбөйүп бараткандай.

— Миграция бүткүл дүйнөдө биздикинен эки эсе көп болгон. Европанын эли көчүп, “Титаникке” отуруп алып иштеп келебиз деп кетип баратканда кыйрашты. Андай кемелердин канчасы Америкага жетти. Миграция орто кылымдын ортосунан күчөгөн. Биздики океандын бир тамчысындай эле. Бүт өлкө муну башынан өткөрдү. Миграциядан Америка деген мамлекет пайда болду. Америкада кимдер гана жашабайт. Бүт улут өкүлдөрү жашайт. Америкалык деген улут жок да. Жергиликтүү калк индеецтер болгон. Жаңы өлкөлөрдү, жаңы маданияттарды таңуулап келишти. Көчмөндөрдүн каны башка. Башка жакка сөөк таштамай жок сыяктуу кайра кайтып келишет, келип жаткандар да көп. Жиберип жаткан акчалары 2-3 млрд доллар. Элдин үрөйүн учуруп жаткан миграция жок азыр, Кудай сактасын.

— Кыргыз Республикасы жакынкы келечекте кандай өлкө болот деп ойлойсуз?

— 30 жыл мурдагыга караганда азыр адамдардын жашоо-турмушу оңолду. Таза суу программасы менен айылдарга суу жетүүдө, айылдарда эки кабат үйлөрдү салып жатышат. Быйыл пайызы жок ипотекалык үйлөрдү Президенттин буйругу, Министрлер Кабинетинин чечими менен бергени турабыз. Мурун ипотекалык үйлөрдү алуу үчүн алдын ала 30% төлөшчү. Мындай өзгөрүүлөрдү кескин күчөтүп жатабыз. Чакан ГЭСтерди куруудабыз. Иш ачам дегендер мурун 40ка жакын документ чогултса, азыр 10дун тегерегинде эле документ даярдайт. Аны дагы бара-бара жоебуз. Бир арыз менен ишкана ача алгандай кылабыз. Жоопкерчилик күчөтүлдү. Мурун мурду менен тынып, буту менен баскан кишинин баары чек араны, тышкы саясатты сүйлөй беришчү. Азыр генерал Камчыбек Ташиев гана чек араны сүйлөйт, тышкы саясатты Президент же Тышкы иштер министри гана сүйлөйт. Негизи эле тышкы саясат менен чек ара маселесин бүт жумурай журт бир гана позицияда сүйлөшүбүз керек. Калган маселеде ким кандай кааласа сүйлөй берсин. Бизде соцтармак эң таасирдүү болуп кетти. Жарандык коом соцтармак аркылуу баскан-турганыңдын баарын көзүңө сайып көрсөтүп турат. Өсөйүн деген коом өзүнүн катасын өзү чукуп, кашкайта айтат. Бул өнүгүп, бутуна туруп бараткан, чыйралып жаткан коом. Биз азыр ушул кырдаалдабыз. Демек, келечегибиз кенен. Кыйла өзгөрдүк. Америка бул абалга 300 жылда жеткен. Аларда өндүрүш маданияты өнүккөн. Капиталисттик өнүккөн өлкөлөрдүн эли денесин канатып жатып, техниканын түрүн жасады. Биз болсо аттын үстүнөн түшө калып, даяр нерсени сиңирдик. Кылымдарды карыткан эки чоң формацияны аттап өттүк. Азыр интеграцияга кирип баратабыз. Балдарыбыз дүйнөлүк университеттерде окуп жатышат. Кудай буюрса, келечегибиз кенен болот. Баарыбыз ушуга ишенишибиз керек. Ишенич баарына жеткирет.

№25 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 11-марты

Сымбат МАКСУТОВА

11-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X