Сүлүктү шаарында кийим тигүүчү фабрика ишке кирди. Фабриканын ачылышы менен 50гө жакын кыз-келин иш менен камсыз болду. Өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот. Тигүү цехинин өндүрүш боюнча директору Бактыгүл Аширалиеванын айтымында, иштин жүрүшү менен жумуш орундарынын саны дагы өсөт.
Бактыгүл Кулатаева