Сүлүктүдө тойдо уулангандардын он үчү ооруканада

11-май, 2022-ж. / Редакция / Аймак 32

8-майда Сүлүктү шаарында өткөн кыз узатуу тоюнда тамак-аштан ууланган адамдардын 13ү ооруканада. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мусратилла Исаков ММКларга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, уулангандардын ичинен 13 адам стационардык жардам алууда. Териштирүүдө уулануу салаттан болгондугу маалым болуп жаткандыгы айтылды.

Эске салсак, 8-май күнү Сүлүктү шаарындагы «Рахат» ресторанындагы кыз узатуу кечесинде тамак-аштан 32 адам ууланган.

11-май, 2022-ж. / Редакция / Аймак 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X