"Эркин-Тоо"

Сүйүү жана карьера деп жүрүп жалгыз калган актриса IV

«АКТРИСА»

Ооба, ошол акыл-эске толуп, жаштыгы жайнап турган кезде укмуш бир сүйүү кездешкен тагдырында.  Шуулдаган шамалдай, алоолоп күйгөн оттой, сезими өз чегинен ашып-ташып төгүлгөн, келберсиген акын жигит эле сүйгөнү!Аны сүйбөй коюу эч мүмкүн эмес болчу!Аны ким бирөөгө алмаштыруу да эч мүмкүн эмес болчу!Ал да сүйгон муну!Эч кимде жок сүйүү менен сүйгөн!Анын сүйүүсүндөй күчтүү сүйүүнү ага чейин да, андан кийин да жашоосунда кездештире албасын ошондо эле сезген!!!

“Өкүнбөйсүңбү?”күзгү шектене тиктеди аялды.  -“Эмнеге өкүнүшүм керек?” –“Мм…  мисалы  коколой  баш экениңечи…  Куу баш экениңе.  .  Жалаң  театр анан сүйүү  деп жүрүп аягында соксоюп  куурап баратканыңачы…  ”

— Былжыраба!-алгач чын эле аялдын үнү  шыбырай  чыгып, өз үнүнөн өзү чочуп кетти, бирок кайра шердене түштү да катуурак чыгарды үнүн;

— Сен бар го!Мупмуздак бирдемесиң!!!Сени ошон үчүн күзгү дейт да…  А мен…  -аял ушул жерден кадимки театр сахнасында жүргөндөй элестетти өзүн, анан ого бетер күчөп ойноду.  -А мен…  мен  муздак эмесмин сендей!! Мен  бүт өмүрүмдү өзүм сүйгөн театрга арнадым, сүйдүм театрды  чындап!А жүрөгүмдө өмүр бою сүйүү жашады!!!Ысык, кусалуу, таттуу сүйүү…  Мен  аны бирөөгө алмаштырганга күчүм жеткен жок…  Сен билип туруп  билгин келбей атабы? Муздаксың.  Сени ошон үчүн күзгү дейт! А мага өзүмдүн бакытым гана бакыт экени сезилет!Анткени менин бакытым мезгилдин күчү менен келген кадимки бакыттарга окшобойт!Менин бакытым жараткан насип эткен чыныгы бакыт!..  Жарк! эткен чыныгы бакыт!!!

-“ Эгер андай болсо кана бакытыңдын аягы!, , Күзгү көкмелтейлене суроо  узатты, экөө буга чейин мынчалык ачыкка чыгып бет келише элек болчу!

— Мына  аягы!!!Мына!-аял өзүн кармана албай алтын-күмуштөрү сакталчу таш сыяктанган оор кутучаны күзгүго карай шилтеп калды…  -Ооба, бүлө күтүп  тамыр жая албадым! Бирок  мен бактылуумун баарыбир!Эмнеге  билесиңби? Мен күткөн тагдырдагы улуу сүйүүнүн куну ошого  барабар болду!!!…  Ошого барабар болду!!!Аны сендей шоркелдейлер туймак  беле!-деп алып эми  өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлады, оо көп мезгил өттү эле минтип  ыйлабай калганына…

…  Күзгү талкаланып, быркырап жерде чачылып жатты.

Эртеси кеч ойгонгон аял шыпыргысын алып келип, эч нерсе болбогонсуп  полдо чачылган күзгүнун сыныктарын тазалады.  Анан өз ордунда бүтүн бойдон турган күзгүнүн алкагын эмне кылаарын билбей бир аз ойлонду, кооз,  кымбат эле…  Таштандыга бергиси келбеди.  Аягында бир чечимге келип, тээ жаштык жылдарындагы сүрөттөрү катылган альбомун таап чыкты да, өзүнө жаккан сүрөттөр менен алкактын ичин толтура баштады.  Оо, анда не деген керемет учурлар бар эле!!!Сахна…  Театрдагы ийгиликтери…  Акын жигиттин  ыр окуп аткан кези!Анан бактылуу, жапжаш өзү!Өзүн курчап кол тамга алып  аткан көпчүлүк!!!  (аягы)

(  Махабат Саидрахман.  2019-ж)

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!