"Эркин-Тоо"

СҮРӨТ — Ысык-Көлдөн Бишкекке балык ташып бараткан аял кармалды

Ысык-Көлдө 60 жаштагы аял мыйзамсыз кармалган 81 даана балыкты Бишкек шаарына алып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Түп районунун Кудургу айылынын 34 жаштагы тургуну М.А. өзүнүн үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз кармалган балыктарды сактап жүргөндүгүн жана көлдө мыйзамсыз балык уулоо менен алектенери жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБде катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголот. Козголгон кылмыш ишинин алкагында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилет.

Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери М.А. жашаган үйүн аныктап, ошондой эле мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуу үчүн 60 жаштагы апасын “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаа менен Бишкек шаарына жөнөтүп жибергендигин аныкташкан.

Аталган унаа Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынан милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Натыйжада 2 баштыкка жана 1 желим баштыкка салынган 81 даана «Сига-Лудога» балыгы табылып алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган балыктын кайдан алынганы такталууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!