Бүгүн, 17-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Орозган Мамбеталиеванын 75 жылдык юбилейине карата “Кыргыз Жерим” атту сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
Анда сүрөтчүнүн жакын санаалаштары, достору жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер колдоп келишти. Орозган Мамбеталиеванын иштерине ийгилик каалап, жылуу тилектери менен бөлүшүштү.
Белгилей кетсек, Орозган Мамбеталиева 2021-жылдан бери Москва шаарындагы Евразиалык көркөм союзунун мүчөсү. Ошондой эле, 2020-жылдан баштап ар кандай көргөзмөлөрдө катышып келет.
Сүрөтчүнүн эмгектери Эл аралык, республикалык, шаардык көргөзмөлөрдө көрсөтүлгөн. Анын ичинен юбилейлик жана жеке 20 көргөзмөсү бар.
Орозган Мамбеталиеванын эмгектерин Германия, Түркия, Япония, Нидерланды, АКШ элчиликтери, Швецария, Эфиопия, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын коллекционерлери сатып алышкан.
Эске сала кетсек, көргөзмө 3-июлга чейин уланат.