Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда, Президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X