Садыр Жапаров бүгүн саат 18:30да кыргыз элине маанилүү кайрылуу жасайт
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, түз эфирде өлкө калкына маанилүү кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Кайрылуу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Эфир 18:30да башталат.