Садыр Жапаров «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитине катышууда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышууда.
Саммиттин алдында катышуучу мамлекеттердин башчыларын Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён тосуп алды.
Расмий саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылары саммит өтүп жаткан залга киришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат.
