"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаров: «Буюрса, жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот»

Бүгүн, 17-декабрда, Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын шайланып келген депутаттарынын ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып «Акылман» лицейи тууралуу айтып өттү.

Өлкө башчынын сөзү:

«Урматтуу депутаттар!

Өнүккөн өлкөлөрдү айтпай эле коёлу, Эгемендик алгандан бери кошуна өлкөлөрдөн артта калганыбыздын бир себеби – бул кадр саясаты болгон! Эгемендик алгандан бери кадр өстүрүү маселеси таптакыр токтоп калган. Мамлекеттик кызматтарга жогору жакта тааныш-билиши же жакын туугандары болсо гана орношо алышчу. Ал кызматкерлер ошол кызматка татыктуубу же жокпу ал меселе эч кимди кызыктырчу эмес. Ошентип келип олтуруп, Эгемендик алгандан бери иш билги, кесипкөй кадрлардын баарын чет өлкөлөргө качырып алдык.

Ушу тапта жакшы кадрларга муктаждык күндөн күнгө өсүп жатат. Ошол себептен 2023-жылы атайын Жарлык менен Чолпон-Ата шаарында “Акылман” мектебин ачтык. Бул мектеп – өзгөчө мектеп. Бардык облустардан өзгөчө таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, андан ары өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга жөнөтүү менен кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында окутуп жатабыз. Алар Жогорку окуу жайларды бүтүп келгенден кийин мамлекет аларды милдеттүү түрдө кызматка алат. Бул тууралуу былтыр мыйзам кабыл алып, кол коюп, азыртадан эле күчүнө киргизип койдук. Себеби, кийин тиешелүү мыйзам жок, же адаттагыдай эле “орун жок” деген шылтоо менен бул мектепти бүтүп чыккан билимдүү балдар-кыздарыбыз көчөдө калбасын, же чет өлкөлөп, мигрант болуп кетпесин деген план менен мыйзам кабыл алып койдук. Анткени биз аларды бүгүнкү күндө мамлекеттик казынадан миллиарддарды коротуп, мамлекетти башкаруунун келечектеги кадрлары кылыш үчүн окутуп жатабыз.

Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында “Акылман” лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздарыбыз окуп жатышат. Буюрса, жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот. Азыркы учурда Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300 балага чейин окушат. Биз азыртадан баштап 22-кылымдын кадрларын, Мамлекетибиздин келечегин колго алчу кадрларды даярдап баштадык десек болот. Келечекте ушул мектептерди жана башка дүйнөдөгү эң алдыңкы Жогорку окуу жайларды бүтүрүп чыккан билимдүү, жаңы муундагы улан-кыздарыбыз келип, азыркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жаткан бизди, эски муундагыларды, 30-40 жыл дегенде араң толук алмаштырып бүтөт экен.

Ушул сыяктуу багыттарды азыртадан баштап колго алып, кадр маселеси боюнча келечектүү мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатабыз.

Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Мурдагы парламенттер учурунда, бир терс адат бар эле. Ал убакта парламенттик система болчу. Баары фракцияларга баш ийишчү. Депутаттар дагы Министрлерге же жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, “баланчаны түкүнчө кызматка коюп бер, мага чуркады эле” же “жакыным эле” деп буйрук берүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланып калды. Аткарбай койгон мамлекеттик кызматкерлердин кичинекей бир кемчилигин таап алып, аны трибунадан тоодой кылып көтөрүп чыгып, сындап киришет эле. Мына ушундай туура эмес жолго сиздер түшпөсөңүздөр. Туура, идеалдуу жетекчилер жок, баарыбыз жаңылышабыз. “Иштебеген киши жаңылышпайт” деген сөз бар элибизде. Олуттуу кемчиликтери болсо сындагыла, сындан адам оңолот. Ошол эле маалда силер сындаган жетекчилердин коррупциялык иш-аракеттери же мамлекеттин казынасына кол салган учурлары болсо, ачык далилдер менен айтып чыгыңыздар. Биз силерге рахмат деп гана айтабыз.

Коррупция кылган чиновник болсо ким болбосун, аларды аябайбыз. Тескерисинче, биз өзүбүз коррупционерлер менен уурулардын артынан сая түшүп, жазалап жатабыз. Аны баарыңыздар эле көрүп жүрөсүздөр. Эгер коррупционерлердин бетин ачып берген болсоңор, биз албетте, кош колдоп колдойбуз. Бирок жогоруда айтканымдай, министрлерге же башка мамлекеттик кызмат жетекчилерине чалып, “муну жумушка коюп кой, алып кой” деп кысым көрсөтүүнү токтотсоңуздар. Эгерде сиздердин колуңуздарда төгөрөгү төп келишкен кесипкөй кадр болсо, Кадрлар резервине катталууга жөнөтүңүздөр. Ушу тапта Бирдиктүү кадрлар резервинде 590 адис катталып турат. Биз бошогон орундарга алардын арасынан сынак аркылуу иргеп алып жатабыз. Тааныш-билиш менен кызматка орношуу жолун таптакыр жок кылганга чейин ушул аркетибизди уланта беребиз. “Акылман” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү келгенге чейин мына ушундай тандоо жана конкурс жолдору менен барабыз.»