Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолукту.
Жолугушуунун учурунда Мамлекет башчысы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына, социалдык объектилердин курулушуна, энергетиканы өнүктүрүүгө жана калкты социалдык колдоо чараларына токтолду.