Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүктүн натыйжалары, ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу, турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жол жана инженердик инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле аймактагы көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берилди.