Садыр Жапаров Улуу Британиянын элчисин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Висенте Солера Дьюкарды кабыл алды.
Мамлекет башчысы Элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы 30 жылдан ашык дипломатиялык мамилелердин ичинде өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген бекем пайдубал түзүлгөнүн белгиледи.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-британ алакалары жигердүү өнүгүп жатканына канааттануусун билдирип, жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарга, өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык жолугушууларга, ошондой эле өз ара сапарларга токтолду.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Президент инвестицияларды тартуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Кыргызстандын экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты. Ушуга байланыштуу ал өлкө британ бизнеси үчүн ишенимдүү өнөктөш болууга даяр экенин ырастады. 
Эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо максатында Мамлекет башчысы мамлекет башчыларынын өз ара сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Ушуга байланыштуу 2027-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Садыр Жапаров Улуу Британиянын Королу Карл III менен Премьер-министри Энди Бёрнемди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Висенте Солера Дьюкар жылуу кабыл алуу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын баштоо ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Элчи 14 жыл мурун биринчи жолу келген өлкө тууралуу өз таасирлери менен бөлүшүп, бул убакыт аралыгында Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр болуп, экономикалык өсүшкө жетишилгенин жана эл аралык аброю чыңдалганын айтты. Ал ошондой эле өлкөнүн 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшүн маанилүү жетишкендиктер катары атады.
Ал эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын баса белгилеп, Кыргызстанга келген британиялык туристтердин саны өсүп жатканын жана Кыргызстандын жарандарынын Улуу Британияда иштөөгө болгон кызыгуусу артканын айтты.
Элчи британ тараптын таза энергетика, анын ичинде “Камбар-Ата-1” ГЭСинин долбоору, маанилүү пайдалуу кендер, билим берүү, жасалма интеллект жана Лондон фондулук биржасынын багыты боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле ал ушул жылдын декабрь айында Улуу Британиянын парламенттик делегациясынын Кыргызстанга сапары пландалып жатканын маалымдады.
Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Элчинин кыргыз тилин мыкты билерин белгилеп, кыргыз-британ мамилелерин мындан ары да чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.