Сайпидин Момунов: «Быйыл 70 айылга таза суу киргизүүнү пландап жатабыз»

24-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 83

Жыл сайын айылдарды таза суу менен камсыздоого 500 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Сайпидин Момунов жыйында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 545 айыл таза суу менен камсыз болгон.

«2022-жылдын биринчи айына карата приоритеттүү айылдардын саны 592ни түзөт. Жыл сайын бул багытта 500 млн сом бөлүнөт. Былтыркы жылы 53 айыл таза суу менен камсыз болсо, быйыл 70 айылга ичүүчү сууну жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары, бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашууда”, — дейт ал.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө өлкөдө 1 миң 819 калктуу конуш бар болсо, 715 айыл өкмөттүн өнүктүрүү программасына киргизилген.

 

24-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X