Саламаттык сактоонун санариптик кадамы
Өлкөбүздүн саламаттык сактоо системасындагы киргизилип жаткан санариптик чечимдер менен тааныштыруу максатында аталган министрлик пресс-тур уюштурду.
Пресс-турдун жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Кыргыз- түрк достук мамлекеттик ооруканасынын шарттары, бейтаптарды дарылоо ыкмалары менен жеринде тааныштырды.
Кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасынын курулушу 2017-жылдын ноябрь айында аяктап, 2021-жылдын август айында толук кандуу ишке берилген. Эки өлкөнүн өз ара келишимине ылайык оорукана үч жыл аралыгында эки тарап менен биргеликте жетектелип, негизги каржылоо Түркия тарабынан жүргүзүлөт. Үч жылдык мөөнөт аяктагандан кийин оорукана толугу менен кыргыз тарапка өтөт. Кийинки үч жыл Түркия өлкөсүнүн Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадагы байкоо жана координациялоо иштерин улантат. Бүгүнкү күнгө чейин 72 орунга ылайыкталган бул ооруканада бейтаптарга түрк тараптан дайындалган Башкы дарыгер Мете Хызыроглунун жардамы менен 34 жаранга жүрөктүн ачык түрдөгү операциялары жасалып, 287 бейтапка жүрөк стенттери коюлган. Кыргыз-түрк достук ооруканасынын административдик жана финансы менеджери Абдуррахман Дагделендин айтканына караганда Түркиядан борборубузга жалпы 64 кызматкер келген. Алардын сегизи дарыгерлер болсо, калгандары административдик жана медициналык кызматкерлер. Заманбап технологиялардын жардамы менен кыргыз калкына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу, жардам берүү негизги максаттарынын бири.
Кыргыз-түрк достук ооруканасында жарандарыбыз үчүн чет өлкөгө чыкпастан дүйнөлүк стандарттагы медициналык жардамдарды арзан баада алууга бардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, жүрөккө стент коюу айрым жеке клиникаларда эки жүз миң сомдун тегерегинде болсо, бул ооруканада кызмат көрсөтүү акысын кошуп эсептегенде элүү миңдин тегерегин түзөт. Ошондой эле бул пресс-турдун жүрүшүндө азыркы учурда пилоттук долбоор болуп ишке кирип жаткан ILAB лабораториялык системасы жөнүндө да маалымат алдык. ILAB лабораториялык маалымат системасы диагностикалык жана клиникалык изилдөөлөргө катышкан бардык лабораториялардын ишин автоматташтырат. Ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыгын бейтаптар онлайн форматта ала алышат. Ден соолуктун санарип профилин иш жүзүнө ашыруу максатында февраль айынан баштап борборубуздагы Темир жол ооруканасынын 18, №3 үй бүлөлүк медицина борборунан 12 дарыгер атайын окутулуп, даярдоодон өткөн. Бүгүнкү күндө Диагностика жана вирусология лабораториясы баш болгон ири алты лаборатория бул система менен иш алып барып жатат.
№32 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 5-апрели
Разия Жоошбаева