Салттуу музыка жумалыгы. Бүгүн комуз чертүү боюнча мастер-класс өттү

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Маданият 36

Салттуу музыка жумалыгынын алкагында бүгүн, 22-апрелде Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу Саадабай Шабдановдун “Комуз чертүүдөгү кол ойнотуулар жана шилтемдер” мастер-классы өттү. Бул тууралууу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күү залкарлары катышкан иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Анда комузчу Саадабай Шабданов комуз чертүү ыкмасы тууралуу кенен маалымат берип, өзүнүн аткаруусундагы күүлөр аткарылды.

Иш-чаранын алкагында эл аралык музыка жана бий конгресси жыйынтыкталып, чет өлкөдөн келген катышуучуларга министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Маданият 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X