Салык кызматы бир күндө 3,3 млрд сом салык чогултту
Мамлекеттик салык кызматы 23-ноябрда бир күн ичинде 3 млрд 300 млн сом салык жыйнады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда, мекеменин төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, Салык кызматы күн сайын саат 18:00дө түшкөн салыктар боюнча жыйынтык маалыматтарды алып турат. Бул маалыматтар «Ачык бюджет» системасы аркылуу түзүлүп, мекеменин жетекчилигине жөнөтүлөт.
Шыкмаматов күнүмдүк салык түшүүлөрүнүн көлөмү ар кандай болорун белгиледи. Мисалы, үч күн мурда бир күндө 7 млрд 700 млн сом салык түшсө, 23-ноябрда бул көрсөткүч 3 млрд 300 млн сомду түзгөн.
Ал эми мурда күнүмдүк салык жыйымдары орточо 800 млн сомдун тегерегинде болгонун кошумчалады.