Салык кызматы тарыхта биринчи жолу жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды
Мамлекеттик салык кызматы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында алгач ирет салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык бекитилген болжолдуу планды мөөнөтүнөн мурда аткарды.
2025-жылга бекитилген планга ылайык, 268 млрд 326,4 млн сом чогултуу каралган. Январь–ноябрь айларында эле 275 млрд 742 млн сом жыйналып, план 12,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жыл аягына чейин салыктар менен төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 300 млрд сомдон ашышы мүмкүн.
Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо көрсөткүчтөрү дагы жакшырды. Алардын суммасы 74 млрд 57 млн сомду түзүп, план 1 млрд 217 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 7 млрд 680 млн сомго көп жыйналды.
Салык кызматы алынган жыйынтыктар жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун, өлкөнүн салык системасынын туруктуу өнүгүшүн жана жарандардын салыктык сабаттуулугунун жогорулап жаткандыгын далилдерин белгиледи.