Салык кызматы: Жыйындар, цифралар жана жаңы сервистер
24-ноябрында, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Бир нече жыл мурун салык дегенде ишкерлердин чочулоосу, базарлардагы нааразылыктар жана кагаз толтурган узун кезектер көз алдыга тартылчу. Бул иш-чарада төрага мекеменин ички иш процессин коомчулукка ачык көрсөтүп, тармактын жаңы деңгээлдеги ишмердиги, иштеги жыйынтыктар тууралуу айтып берди.
Жумуш күнү эртең менен төраганын орун басарлары менен болгон кеңешмеден башталып, саат 09:30да аймактык салык органдарынын жетекчилеринин катышуусунда видеоконференцбайланыш форматындагы аппаратык жыйын менен уланды. Мында пландын аткарылышы, берилген тапшырмалар каралды.
Ошондой эле Алмамбет Шыкмаматов салык органдарынын элге болгон мамилесин жакшыртууга өзгөчө көңүл бурду:
“Салык маданияты салыкчылардан башталат. Борбордук аппарат маселени чечүүдө ыкчам болгула. Ишкерлерге жана жалпы жарандарга ийкемдүү, сылык мамиле кылуу зарыл”,- деди төрага.
План 12 млрд сомго ашыгы менен аткарылган
2026-жылдын 10 айында мамлекеттик бюджетке болжолдогу 325 млрд 836 млн сомдун ордуна 338 млрд 022 млн сом түшүп, план 12 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Төраганын айтымында, бул ийгиликтерге өлкөдө салык төлөө маданиятынын калыптанышы жана өлкө башчысынын ишкерлер менен түз баарлашуусу чоң өбөлгө болгон.
«Өткөн жылдары Президент Садыр Жапаров өзү жол баштап, кадырын салып, «Дордой» базарына барып ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Анын натыйжасында бүгүн салык маданияты калыптанды. Буга чейин «Дордой» базарынан 400 млн сом салык түшсө, азыр 900 млн сомго чейин төгүлүп калды», — деди А. Шыкмаматов. (Ал эми ири төлөмдөр түшкөн күндөрү жалпы жыйымдар 3,3–7,7 млрд сомго чейин жетүүдө).
Мындан тышкары, журналисттер менен баарлашууда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал, мунай продуктуларын ички рынокко туруктуу жеткирүү жана жеткирүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.
«АйСалык» деген эмне?
Салык системасын санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү негизги багыттардан. Мурда салык төлөөчүлөр ар бир суроосун тактоо үчүн салык органдарына барууга же колл-борборго телефон чалып, кезек күтүүгө аргасыз болушчу. Эми жарандардын убактысын үнөмдөө максатында «АйСалык» — жасалма интеллектке негизделген онлайн консультант ишке киргизилди. Ал салык төлөөчүлөргө 24/7 режиминде онлайн кеңеш берип, Салык кодексиндеги татаал мыйзамдарды жөнөкөй тил менен чечмелейт. Ал эми «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу киргенде, ишкананын же жеке ишкердиктин маалыматтарына таянып, дал ошол колдонуучуга тиешелүү так жоопторду берет.
Аны менен катар «Салык Күзөт» электрондук талдоо тутуму, мекеменин жаңы сайты жана «Салык Кеңеш» санариптик сервистери тааныштырылды. Мекеменин 4-кабатындагы жыйындар залында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып киргизилген товарлардын кыймылын чек арадан өткөндөн тартып сатылганга чейин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү «ЭСФ-2.0» (товарларга байкоо жүргүзүү) тутумунун иши көрсөтүлдү.
Программанын соңунда төрага жана ЖМК өкүлдөрү Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси, 364 дарегинде жайгашкан Ишкерлерди тейлөө борборуна (ИТБ) барып, салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушу менен таанышып, жеринде салык төлөөчүлөр менен баарлашты.
«Ачык кабинеттин» алкагында журналисттер салык мыйзамдары, ишкерлерге түзүлүп жаткан шарттар, салык кызматкерлеринин айлык маянасы (орточо 80 миң сомдун айланасында экени айтылды), мекеменин жаңы имаратынын курулушунун аяктоо мөөнөтү жана жумушка орношуу жол-жоболору тууралуу суроолоруна жооп алышты.
Жолугушуунун соңунда Алмамбет Шыкмаматов мекеменин мындан аркы иши салыктык башкарууну өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.