Салык кызматында жана коммуникациялар министрлигинде коррупциялык схема аныкталды-ВИДЕО
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан салмак-габариттик контролдоонун ишинде коррупциялык схема аныкталды. Текшерүүлөрдүн натыйжасында сырттан ташылып келген жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөндөтүлүп көрсөтүлгөндүгү такталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери ар бир жүк ташуучу унаадан ташылып келген товарга 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча талап кылып турушкан. Өз кезегинде салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери импорттолгон товарлардын түрүнө карабастан, ашыкча жүктөмдөрдү текшербестен, жүк ташуучу бир унаадан 1000-2000 сомдон акча талап кылышкан.
2022-жылдын 25-февралында акча каражатынын 13 000 сом жана 12 000 сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алууда салмак-габариттик контролдоо пунктунун кызматкерлери М.К.А. жана С.У.А., жана ошондой эле 5500 сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери Х.У.Т. кармалды.
Азыркы учурда тергөө уланууда. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилишти.
25-февраль, 2022-ж.
/
Жаңыл Дүйшөкеева
/
Кылмыш