Салык кызматынын төрагасы Италиядагы көргөзмөгө катышты

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Италияга болгон иш сапарынын алкагында Виченца шаарында өткөн «Vicenzaoro» эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнө катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов зергерчилик тармагындагы заманбап багыттар, колдонулуп жаткан материалдар жана технологиялар менен таанышып, алдыңкы италиялык зергерчилик компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Тактап айтканда, Салык кызматынын төрагасы Bvlgari тобунун жана LVMH италиялык бренддеринин туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто менен жолугуп, Кыргыз Республикасында зергерчилик тармагын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берди.

Жолугушууларда Кыргызстандын асыл металлдарды жана баалуу таштарды кайра иштетүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүнө, зергерчилик өндүрүшүн кеңейтүүгө, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык бренддер менен кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле кыргызстандык адистерди Bvlgari академиясынын базасында зергерчиликке окутуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, зергерчилик жабдууларын өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын ассоциациясынын президенти Массимо Полеро менен жолугушууда тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору каралды. Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын AFEMO компаниясы аркылуу зергер буюмдарын толук циклде өндүрүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алуу демилгесин сунуштады.

Иш сапардын алкагында Trevi Group S.r.l. жана Damiani Group компаниялары менен да эки тараптуу жолугушуулар өтүп, зергерчилик тармагында жаңы технологияларды колдонуу, лабораториялык анализ жүргүзүү жана өндүрүш процессин жаңылоо маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында италиялык зергерчилик өндүрүүчүлөрүнүн рынокту изилдөө максатында Кыргызстанга иш сапар менен келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди. Тараптар мындан ары да тыгыз кызматташтыкты улантып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдиришти.

Белгилей кетсек, «Vicenzaoro» эл аралык зергерчилик көргөзмөсү зергер буюмдарын, асыл таштарды, жабдууларды жана технологияларды сунуштаган дүйнөдөгү алдыңкы B2B аянтчалардын бири болуп саналат. Көргөзмө тажрыйба алмашууга, бизнес байланыштарды түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X