Салыктан түшкөн киреше эмнеден өстү?
Кыргызстанда бюджетке түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көбөйүшү ишкерлер үчүн салыктардын жогорулашына байланыштуу эмес. Негизги себептер — салыктык башкаруунун санариптештирилиши, ишкердиктин кеңейиши жана көмүскө экономиканын кыскарышы. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ал «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында сөз сүйлөп, мамлекет бизнеске салыктык басымды күчөтүү саясатын жүргүзбөй жатканын белгиледи. Тескерисинче, акыркы жылдары ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүүгө басым жасалууда.
Мындай колдоо коомдук тамактануу, айыл чарба, тигүү жана зергерчилик тармактарына жайылтылган. Ошондой эле транспорт салыгы жоюлган. Шыкмаматовдун айтымында, Кыргызстан салыктык жеңилдиктердин кеңири системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн бири.
Салыктык кирешелердин өсүшүнө санариптик чечимдер да олуттуу таасир этүүдө. Салыктык процесстердин электрондук форматка өтүшү экономикалык операциялардын ачыктыгын арттырып, буга чейин көмүскөдө калган ишкердиктин расмий каттоого алынышына өбөлгө түзүүдө.
Мындан тышкары, бийлик бизнес чөйрөсүндө мыйзамдардын туруктуулугун сактоого көңүл бурууда. Ушул максатта Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жылына бир жолу, бирдиктүү жумушчу топтун сунуштарынын негизинде киргизүү чечими кабыл алынган. Бул ишкерлердин эрежелердин бат-бат өзгөрүшүнө байланыштуу белгисиздикке туш болушун азайтууга багытталган.
Шыкмаматов салык саясаты экономикалык шарттарга жараша жаңыланып турушу керектигин, бирок ошол эле учурда ишкерлер үчүн алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон туруктуу чөйрө түзүлүшү зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, мындан аркы реформалар салыктык жеңилдиктерди кеңейтүүгө, башкарууну жакшыртууга жана санариптик технологияларды киргизүүгө багытталат.