Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкө президентинин жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында санариптик кадрдык иш жүргүзүүгө өтүү башталып жаткандыгын билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кадам башкарууну модернизациялоого жана өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарында документ жүгүртүүнү жакшыртууга багытталган.

Эмне өзгөрөт?

Жумушка алуу, жумуштан бошотуу, өргүү жана башка кадрдык документтер эми санариптик түрдө түзүлөт. 60 жыл сакталгандан кийин мындай документтер мамлекеттик архивге өткөрүлүп берилет.

«Бардык мамлекеттик жана жеке уюмдар жакынкы арада санариптик документ жүгүртүүгө өтүшөт. Бул бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берет жана процесстин бардык катышуучулары үчүн документтер менен иштөөнү жеңилдетет. Кадрдык иш кагаздарын санариптештирүү — бул мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүдөгү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам»,-делет маалыматта.