Мигранттардын кайсы улуттан экенин тааныган камералар коюлат

21-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мигранттарды көзөмөлдөө үчүн адамдын кайсы улуттан экенин тааныган камералар орнотулат. Бул тууралуу Санкт-Петербург администрациясынын улут аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Олег Капитанов билдиргенин «Коммерсант» гезити жазды.

Капитановдун айтымында, мындай чара «этностук анклавдардын пайда болушун» алдын алып, «аймакта социалдык чыңалууну болтурбоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүгө» мүмкүндүк берет.

Маалыматка караганда, аталган комитет адамдын жүзү аркылуу кайсы улуттан экенин аныктаган сегиз миң камера сатып алууга келишим түзгөн. «Коммерсант» келишимдин жалпы суммасы 38 миллион рублди түзгөнүн жазды.

Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш Санкт-Петербург бийлигинин чечимин сынга алып, аны адамдык ар-намысты басмырлоо деп атады.

«Орусияда атүгүл паспортунда улут көрсөтүлбөйт. Эми кайсы бир камералар адамдын улутун аныктай баштайт экен», — деди Адам укуктары боюнча кеңештин жетекчиси Валерий Фадеев.

21-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X