Сасык тумоо менен ооругандардын саны 37 миңден ашты

17-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айынын башына салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7 пайызга азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды.

Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

17-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X